Menu

Фото – “Азаттыктын”, КТРКнын мурунку журналисти, экс-Акыйкатчы Кубат Оторбаев “Аю” арак заводунун вице-президенти болуп дайындалды

Бөлүшүү:

“Азаттык” радиосунун, КТРКнын мурунку журналисти,  экс-акыйкатчы Кубат Оторбаев “Аю” холдингинин вице-президенти болуп дайындалды. Бул тууралу жеке булактар тастыктады.

“Аю” холдингинин негизги активи – бул “Аю” арак заводу. Азыркы депутат Шаршенбек Абдыкеримов 2000-жылдардын башында Казакстанда казактардын арак заводдорунда иштеп жүрүп, ошол кездеги депутат Темир Сариевди өкүл ата дайындап, ал аркылуу Айдар Акаевден Кыргызстанда арак чыгарууга лицензия алып,  ишкана ачып байыган.  Андан тапкан байлыгына жаңы өндүрүштөрдү ачып азаматтык кылып келатат.

27-ноябрь күнү Токмоктогу ишканаларды кыдырып жүргөн президент Сооронбай Жээнбеков депутат Шаршенбек Абдыкеримов ачкан “Алия” камыр ишканасына киргенде президент Жээнбеков менен депутат Абдыкеримовдун артынан акмалап, улам башын чыгарып Кубат Оторбаев жүргөнүн көрүп, бул экс-журналист камыр заводунда эмне кылып жүрөт деп таң калдык эле. Көрсө “Аю” ишканасынын вице-президенттигинин тизгинин жылоолоп жүргөн турбайбы.

Кубат Оторбаев “Азаттык” радиосунда журналист, продюсер болуп иштеп жүргөндө демократия, сөз эркиндиги тууралу акылдуу жана кооз сөздөрдү, олуттуу ойлорду жазып жана айтып турчу.  Бирок бийликке – КТРКнын гендиректорлугуна келгенде жана Акыйкатчы кызматын аркалаганда баягы демократ Кубат Оторбаев ийинге кирип кеткендей эле болду.

Эми жаңы кызматында Оторбаевге опол тоодой ийгиликтерди каалайбыз.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: