Экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов ата-энесинен мураска калган менчик үйүн бала бакча үчүн мамлекетке өткөрүп берет. Бул тууралуу министрдин баласы Беккул Жекшенкулов билдирди.
Анын айтымында, бала бакчага берилчү үй Кочкор айылында жайгашкан. Айылда бир гана бала бакча болгондуктан, Жекшенкуловдордун үй–бүлөсү өздөрүнүн үйүн бала бакчага айлантуу чечимин кабыл алган.
“Аймактарды өнүктүрүү жылына карата мамлекетке кичинекей салым кошууну чечтик. Азыркы убакта документтерди каттоо жана мамлекетке өткөрүү иштери жүрүп жатат. Ага бир аз эле убакыт кетет. Андан кийин заманбап бала бакчанын курулушу башталмакчы”, –деди Беккул Жекшенкулов.
Бул маалыматка кошумча, салына турган бала бакчанын курулушун дагы Жекшенкуловдордун үй–бүлөсү каржылай тургандыгы белгилүү болду.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ