Menu

Чыгыш Казакстандагы шахтада эки жумушчу мерт болду

Бөлүшүү:

Чыгыш Казакстан облусундагы Орловск шахтасында эки жумушчу каза болду. Бул тууралуу шахтада кен казуу менен алектенген KAZ Minerals компаниясы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-декабрда шахтанын үч кызматкери эстен танган абалда табылган. Алардын экөөсү каза болуп, бирөөсү ооруканага жеткирилген. Азыр анын абалы туруктуу экени кабарланууда.

KAZ Minerals компаниясынан билдиришкендей, учурда жумушчулардын өлүмүнө эмне себеп болгондугу атайын түзүлгөн комиссия тарабынан териштирилүүдө.

Орловск шахтасы Чыгыш Казакстан облусундагы Жезкент айылында жайгашкан. Анда жез-полиметал кенин казуу менен алектенген KAZ Minerals компаниясы Казакстандагы эң ири жез өндүрүүчү болуп эсептелет.

Акцияларынын үчтөн бири миллиардер Владимир Кимге таандык болгон KAZ Minerals PLC компаниясынын курамына Чыгыш Казакстандагы төрт кен (анын ичинде Орловск шахтасы), төрт байытуучу фабрика жана Кыргызстандагы Бозумчак ачык кени кирет.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: