Спортчу Дарья Маслова Кытайдын Куньминь шаарында өткөн ШКУга кирген мамлекеттер арасындагы марафондо үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Виктор Борисов билдирди.
Анын айтымында, жарыш 2-декабрда өтүп, анда Кыргызстандын атынан Дарья Маслова жана Адилет Кыштакбековдор катышкан.
“Биз үчүн башкы максат жеңүү болгон жок. Марафон деңиз деңгээлинен 1000 метр бийик жерде өттү. Атлеттерге мындай шартта чуркоо оор дагы, пайдалуу дагы болду, анткени алар дал ушундай шартта машыкканы маанилүү” –деп билдирген Виктор Борисов.
“Кийинки сезонго даярданып жатабыз. Азыр биз үчүн башкысы – 2020-жылы Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алуу болуп саналат. Ал жерде талап күчтүү, лицензияга жетүү оңой ишке турбайт” – деп кошумчалаган машыктыруучу.
Эске салсак, Дарья Маслова быйыл өткөн Азия оюндарында алтын жана күмүш медаль тагынган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ