2018-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилиги XI ар жылдык кайрымдуулук жарманкесине катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызмат билдирет. Элчилердин жубайларынын бирикмеси тарабынан уюштурулган кайрымдуулук жарманкеси Астанадагы дипломатиялык ɵкүлчүлүктɵрдүн катышуусу менен ɵттү.
Кыргызстан элчилиги даярдаган аянтчага Кыргызстандын улуттук тамак азыктары, салттуу кол ɵнɵрчүлүк буюмдары жана ɵлкɵнүн туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү тааныткан буклеттер коюлду.
Жарманкенин негизги максаты – турмушта татаал шарттарда жашагандарга мекемелердин, уюмдардын жана коом тарабынан кɵрсɵтүлгɵн жардам иш-аракеттердин уюштурмасы болуп эсептелет. Чогултулган каражаттар балдар үйлөрүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жиберилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ