Menu

Катарда Эл аралык китептер көргөзмөсүндө Чынгыз Айтматовдун чыгармалары көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында Катар мамлекетинин Маданият жана спорт министрлигинин колдоосу астында өтүп жаткан Эл аралык китептер көргөзмөсүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары көрсөтүлдү. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Улуттук ыкма менен кооздолгон Кыргыз Республикасынын павильону кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө арналган. Көргөзмөдө улуу жазуучунун дүйнөнүн көптөгөн тилдерине, анын ичинде кыргыз, орус, англис, казак, немис тилдерине которулган китептери көрсөтүлдү. Экспонаттардын көпчүлүк бөлүгүн араб тилиндеги китептер, анын ичинде 2018-жылы басып чыгарылган араб тилиндеги китептер түзөт жана бул автордун араб тилдүү окурмандардын арасында популярдуу экендигин далилдейт. Алардын арасында, улуу жазуучунун “Биринчи мугалим”, “Атадан калган туяк”, “Уулу менен кездешүү”, “Кош бол, Гулсары!” чыгармалары да бар. Павильондо жазуучунун 90 жылдыгына арналган видеороликтер үзгүлтүксүз көрсөтүлүүдө.

Кыргыз көргөзмөсүн Катар мамлекетинин Мажлис Аш-Шурасынын (парламентинин) төрагасы Ахмад бин Абдалла бин Зайед Аль-Мухаммад, маданият жана спорт министри Салах бин Ганим Аль-Али, юстиция министри д-р Исса бин Саад Аль-Джафали Аль-Нуаими, вакуф жана ислам иштери боюнча министри д-р Гаис бин Мубарак Аль-Кувари, административдик өнүктүрүү, эмгек жана социалдык иштер боюнча министри Юсеф бин Мохаммед Аль-Осман Фахру, өкмөттүк коммуникациялар боюнча агенттигинин директору шейх Саиф бин Ахмед бин Саиф Аль-Тани, ошондой эле, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, дипломаттар, студенттер ж.б. келип көрүп кетишти. Кыргыз Республикасынын Катар мамлекетиндеги элчиси Нуран Ниязалиев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, ошондой эле анын 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу конокторго айтып берди.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: