Орусияга иш издеп барган 40 кыргызстандык алданып калганын айтып чыгышты. Бул тууралуу алданып калгандардын бири күндүн суугунда жолдо калышканын видеого тартып, “Фейсбуктагы” баракчасына жүктөгөн.
Видеого тарткан бала “жумуш таап берем” деген убада менен бирөөлөр Кыргызстандан Орусияга алып келкендигин, бирок 20 градустук суукта Москвадан 300 чакырым алыстыкта Украинага жакын жерде ара жолдо таштап кеткенин айтып берди. Аларды ортомчу фирманын өкүлү Медет аттуу жигит алдагандыгы айтылууда.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул адамдарды кыргыз диаспорасы Москвага алып келип, мейманканага жайгаштырганын кабарлады. Учурда элчиликтин жана диаспоранын жардамы менен аларды жумушка орноштуруу маселеси чечилип жатканы белгилүү болду.
https://youtu.be/jjUyyogaNBg
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ