“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров учурдагы коомдук-саясий кырдаалга жана Чаткал районундагы чырга байланыштуу кайрылуу жасады.
Кайрылууда Өкмөт, Президент Кыргызстандагы чет элдиктердин ишмердигин жөнгө салуу, кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын коргоо багытында чечкиндүү кадамдарды жасашы керектиги айтылат. “Эгерде учурдагы көйгөйлөр тез арада оң жагына чечилбесе, элдин дагы чыдамы түгөйт. А бул кооптуу кырдаалга алып барышы мүмкүн” – дейт А.Мадумаров.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ