Кыргыздын чыгаан таланттарынын бири, көпчүлүктүн жүрөгүнөн жан эргиткен ырлары менен түнөк тапкан ырчы Аскат Мусабеков бизде конокто.
Чыгармачылык – татаал, оор, чырмалышкан жол эмеспи. Бул жолдо өзүнүн ордун таап, кыйынчылыктарга туруштук берип, максатка жетүү оңой иш эмес.
Биздин каарман дал ушундай кыйынчылыктарды буйдалбастан басып өтүп, тагдырдын ызгаарына чыдап, илгерилеп отуруп, учурдагы деңгээлге жетип отурат.
Аскат Мусабеков өзүнүн балалыгы, кыялдары, үй-бүлөсү жана чыгармачылык жолго жаңы аттанганда кандай тоскоолдуктарга кабылгандыгы, анан аларды кантип жеңгендиги жөнүндө айтып берди.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ