Menu

Алтынбек Сулайманов: “Президенттик башкаруу эскилиги жеткен “Жигулидей” болуп калды”

Бөлүшүү:

– Алтынбек мырза, учурда Конституцияны референдум аркылуу кайрадан өзгөртүү маселеси көтөрүлө баштады. Өзгөртүүгө зарылчылык барбы, оюңуз кандай?

– Менин пикирим менен көпчүлүгү макул болот болуш керек. Биз Конституцияны кайрадан рефереңдум аркылуу өзгөртө турган болсок, онунчу жолу өзгөрткөн болобуз. 27 жылдык эгемендик тарыхы бар өлкө үчүн бул абдан эле көптүк кылат. Өзгөрткөндөн мурда, аракеттегисин толук кандуу иштетип алганды ойлонушубуз керек. Азыр Конституция толук кандуу иштебей жатат. 2010-жылы парламенттик башкарууга багыт алганбыз. Андан бери сегиз жыл өттү. Дагы деле президенттик башкаруудан кете элекпиз. Буга президент же парламент күнөөлүү деп айткым келбейт. Буга каныбызга сиңип калган эски түшүнүктөрдөн арыла албай жатканыбыз себеп. Менимче, 1-2-чакырылыш алмашса, кийинки муун парламенттик башкарууну толук кандуу иштетет деп ишенем. Ошол мезгилде биз өнүгүү жолуна түшөбүз. Демек, Конституцияны өзгөртүүгө эч кандай зарылчылык жок. «Өзгөртүү керек» деп көтөрүп жаткандар эски түшүнүктөгү адамдар, «президенттик башкарууга кайтсак, кайрадан жогорку эшелондорго отурсак» дегенди самап жаткандар. Ал заман өттү, президенттик башкаруу эскилиги жеткен «Жигулидей» болуп калды. Эки жолку революция эмненин айынан чыкты? Президенттик-кландык башкаруунун кесепетинен чыккан. Артка кетенчиктебей, алдыга өсүш керек.

-Социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованы жана айыл чарба министри Нурбек Мурашевди «Бир Бол» фракциясы, айрыкча сиз катуу коргоп келдиңиз. Фракциянын квотасындагы кызматтар болгон үчүн элеби, же алар менен кандайдыр жакындыгыңыз барбы?

– Бул эки кызмат биздин фракциянын квотасындагы орундар. Социалдык коргоо министринин орун басарлыгына депутатыбызды жибергенбиз. Иштеди, акырында ызы-чуу менен министр баш болуп, баары иштен кетишти, билесиңер. «Орун басар – биздин кадр, кетпесин» деп каршылык кылган жерибиз жок. Өкмөт башчы чечим кабыл алды, аны колдодук.

– Мамытованын чет өлкөлөргө эс алууга чыкканда диппаспорт колдонгону, катардагы адистер барчу сапарларга бир нече ирет өзүн жаздырып барганы, дегеле, анын ишиндеги терс көрүнүштөр фракциянын ишине кайсы бир деңгээлде сөз тийгизген жокпу?

– Ар бир фракция өзү сунуштаган кадрларына жоопкерчилик алат. Сөзсүз терс таасирин тийгизет. Жакшы иштесе, алкыш алып, начар иштесе сөгүш алат. Ар бир талапкер үчүн фракциянын моралдык жоопкерчилиги бар.

– Мамытова азыр деле партиянын катарындабы?

– Ооба, партиянын катарында. Келечекте эмнелер болуп кетет, көрөбүз…

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: