20-январда Бишкек шаардык сотунда Бишкек ЖЭБи боюнча С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, Авазов, Назаров, Бримкуловго карата кылмыш иши боюнча сот отуруму болуп жатат.
Сотто төрайымдык кылган сот Ирина Воронцова учурунда Аида Салянованын ишин караган. Ал шаардык сот болуп Атамбаев тарабынан 2015-жылы дайындалган.
Сапар Исаков аппеляцилык арызын негиздеп, райондук сотто бардык айыптарды документ түрүндө жокко чыгарышканын айтты.
“Свердлов райондук сот өндүрүшүнө таңгалып келем. Билгенин кылышты. Бардык факт боюнча документалдуу түрдө жооп бере алдык. Зыянды 2013-жылдан беркисин эсептешиптир, а курулуш 2015-жылы башталган. Бул саясый боегу бар иш. Менин бүгүнкү сот коллегиясына дооматым жок, бирок соттор бийликке көз каранды. Саясый абал өзгөрмөйүнчө, эч нерсе өзгөрбөйт деп ойлойм. Ошондуктан мен сот отурумдарына катышпайм. Менин жактоочуларым катышат. Менин жүйөөлөрүмдү келтирип турушат. Албетте, үмүтүм үзүлө элек, мен күрөшө бермекчимин”, – деди ал.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ