Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга грант катары 10 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамов билдирди.
Алынган каражат гидрометеорологиялык кызматтын ишин жана элдин азык-түлүгүн, тамактануусун жакшыртууга жумшалат. Бул долбоорду ишке ашырыш үчүн Баткен, Ош жана Нарын облустары тандалып алынган.
А.Рустамовдун айтымында, сугат инфраструктурасын өнүктүрүү, айыл жергесинде суу жээктерин бекемдөө жана дамба куруу аркылуу селден жана суу ташкындарынан сактоо иштерин жүргүзүүгө багытталган долбоор ишке ашканы турат. Бул долбоордун алкагында 90 млн. доллар Кыргызстанга бөлүнөрү айтылды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ