Menu

Чым-Коргон айылынын тургундары “Чым-Коргондук качкындар” фильминин аталышын өзгөртүүнү талап кылышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин астында Кемин районунун Чым-Коргон айылынын тургундары чогулуп, жаңы тартыла турган “Чым-Коргондук качкындар” аттуу көркөм фильмдин аталышын өзгөртүүнү талап кылышты. Бул тууралуу АКИpress маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, фильм али тартылып бүтө элек, анын үстүнөн жеке студиянын киночулары иштеп жатышкан. Авторлор кинофильмди  келаткан жылдын февраль айында тартып аяктоону пландашкан. Айта кетсек, ар бир фильм жалпы көрүүчүлөргө тартууланар астында сөзсүз көркөм кеңештин сынынан өтөт. Алар уруксат берген учурда гана тасма жарык көрөт.

“Тасманын аталышы психикалык жактан жабыркагандар ооруканасынын аталышына байланыштуу болгону үчүн биз аны өзгөртүүнү талап кылабыз. Себеби, бул аталыш менен биздин айылдын тургундарын дагы кемсинтип жатышат. Кинонун режиссеруна байланышканыбызда, ал эч нерсени өзгөртпөй тургандыгын билдирди. Анан да, киночулар фильмди тартуу үчүн айылдын ооруканасынан дагы, айыл өкмөтүнөн дагы уруксат кагазын алышкан эмес”, – деди жыйындын катышуучусу.

Эскерте кетсек, жакында “Чым-Коргондук качкындар” аттуу көркөм фильмдин рекламасы жарыяланган. Анда бул тасма “үй-бүлө үчүн” экендиги жазылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: