Menu

Бийликтин шалкы бош болсо, элге оорчулук келет

Бөлүшүү:

Деги эле кен байлыктарын казуу иштеринде олку-солкулуктар буга чейин эле болуп келген. Ошол эле Кумтөр, Жерүй, Иштамберди, Макмал, Бозумчак, эми болсо Чаткалдын Терек-Сайындагы тополоң коомчулуктун ысылыгын жогорулатканы кооптонууну жаратканы ырас. Тилекке каршы, бийликтин өзөктүү делген кадрлары жоктугунан окуя бүкшүгөн абалда асманда илинип турат. Эгерде облустун губернаторлору, райондогу акимдер, күч түзүмүнүн жетекчилери көрөгөч, тил тапкыч, батыл болсо, чуу чыгар замат “өрт өчүргүчтүн” ролун аткарууга жетишмек. Ошого жарабаганы үчүн жогору жактан эмне тапшырма болот деп күтө бергендиктен окуя от алып кетип жатпайбы? Карапайым тургундардын үнүн уккан, алардын талабын аткарууга чечкиндүү болгон бийлик жоктугунан ортодо түшүнбөстүктөр пайда болууда. Ушунун айынан каршылык көрсөткөн айрым жарандар темир торго киргизилип, элдин нааразычылыгы түтөп кетип жатат.

Арийне, мындай талаштуу маселени спецназдын кубаты аркылуу бүткөрө салабыз дегендин өзү натуура. Анткени нааразычылыкка чыккандар деле, форма кийген аскер кызматкерлери деле өзүбүздүн мекендештер. Ошондуктан бири-бирине каршы коюштан мурда аттуу, баштуу жетекчилер талылуу маселени сүйлөшүү жолу менен аягына чыгаруусу талапка ылайык. Күч менен баарын жайгарууга болбойт. Оболу эмнеден улам тирешүү чыкканына, ошону кантип жайгарууга боло турганына маани берүү кажет. Антпесе, оюндан от чыгып, бөөдө кырсыктын келишине шарт түзүлөт. Бийликтин негизги таянычы эл экени чын болсо-бийлик туура жыйынтыкка келиши шарт.

Бөтөн жактан келген инвесторлорго (кытайларга, түрктөргө) караганда өзүбүздүн элдин намысын, ариетин сактаганыбыз баарынан жогору экендигин унутууга бийлик акысы жок. Биздин кендерге кастарын салгандар акыры кетет, ал эми чебибиз болгон калкыбыз жашоосун өз жергесинде улантышат. Мына ушуну көкүрөккө бекем сактаса гана азыркы бийликке ишеним жаралат.

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: