Menu

Феликс Кулов иш жүзүндө Үсөн Кудайбергеновду бир эстегенге жарабай койду

Бөлүшүү:

«Арасында болбоссуң сатылгандын,

Арасында болоорсуң атылгандын» – деп, Турар Кожомбердиев олуялык менен 2005-жылы аталаш иниси, каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун тагдырын жазгандай. Тополоң болгон 2005-жылы Бакиев бийликке келип, буюртма берип аттырган эң биринчи адам – ошол убактагы «Элдик кошуундун» жетекчиси Үсөн Кудайберегенов болду. Анткени, ал таланып-тонолгон учурда элди тартипке чакырып, «мыйзамдуулукту сактайлы» деп айткан жалгыз адам болду. Калгандары чөөдөй болуп бийликке келүүнүн жолун издеп, кызмат талашып отурганда, Бишкекти таландыдан коргоп, канжыгага башын байлап алып жүргөн ушул адам эле. Феликс Куловду «досум» деп, аны абактан чыгарган да Үсөн Кудайбергенов экени белгилүү. Эми жылдар өтүп, ошол «досу» болгон Феликс Кулов иш жүзүндө Үсөн Кудайбергеновду бир эстегенге жарабайт. Анткени ал жигиттик сөзүнө туруп, аны ким атканын али күнгө чейин айтпай келет.

Бирок, убакыт баарына тараза экен. Феликс Куловдун көзү тирүү болгону менен «саясый тарпка» айланса, Үсөн Кудайбергенов тескеринче ак жашап, «кыргыз» деп кызмат кылган үчүн кылымдарга таскагы катуу чыга баштады. Жылдан-жыл алмашкан сайын кыргыздын улуу инсаны Үсөн Кудайбергеновдун аброю артып, экинчи өмүрүн улоодо. Үсөн Кудайбергеновдун шакирттери дал ушул адамдын аты менен азыр дагы каражат табууда. Ал эми «Үсөн Кудайбергенов» атындагы каскадёрлор тобу кыргыз киносунда мыкты трюктарды жаратып, эл аралык фестивалдарга чыгып, чет элдиктерди таң калтырууда. Анткени, ал ар бир шакиртине от жалын, жигиттик өрттүктү салган мыкты улуу устат эле.

27-ноябрда анын туулган күнүн белгилеп, багыштап куран окутулуп, келе жаткан 2019-жылы каскадёрдун 70 жылдыгын жогорку деңгээлде уюштуруу маселеси каралды. Үсөн Кудайбергенов кыргыздарды биринчи болуп Гиннестин рекорддор китебине киргизген адам. Ал «Юность гения» деген Өзбек фильминде 27 метр бийик жардан Сыр-Дарыяга ат менен секиргенде, аттын жүрөгү жарылып өлүп, ушул трюк дүйнөдөгү эң кооптуу трюкка кирип, аны эч ким кайталаган жок. Голливуд киностудиясынын эксперттеринин «Мыкты каскадёр» деген баасын алып, 1980-жылы дүйнөдөгү эң мыкты он каскадёрдун бири болушу зор сыймык.

Кайталангыс инсан Үсөн Кудайбергенов «Голливуд каскадёрлору», «Орусия каскадёрлору» ассоциациясынын атайын мүчөсү болгондуктан, бир эле кыргыз эмес, боордош казактар, Орусиядагы белгилүү актёр-каскадёрлор дагы «Үсөн Кудайбергеновдун мааракесин белгилөөгө салымыбызды кошобуз» деп билдирип баштаганын Нургүл Кожомбердиева белгиледи.

Жогорудагы иш-чарага белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров, Замир Эралиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Раимкулов катышып, кыргыздын улуу инсанын колдоого чакырды.

Үсөн Кудайбергеновдун 70 жылдык мааракесин уюштуруу идеясын көтөрүп чыккан Нургүл менен Карыбай Кожомбердиевдерди КР маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов колдоого алганы маалым болду. Демек, кыргыз уулу Үсөн Кудайбергеновду татыктуу деңгээлде колдоп, анын идеяларын ишке ашырууга ар бир кыргыз чыгарына ишенебиз. Анткени, Үсөн Кудайбергенов улуттун сыймыгы жана туристтерди тартууда эң мыкты бренд.

Автор: Гүлмира Үмөталиева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: