Menu

КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Бактияр Алиев дайындалды

Бөлүшүү:

Алиев Бактияр Женбекович КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев билдирди.

“КТРКнын байкоочу кеңеши дагы мыйзамдуу талаага кирди. Бүгүн биз кезектеги жолугушууга чогулдук. Кворум болду. Жамааттын суранычы боюнча башкы директордун милдетин аткаруучу болуп Бактияр Алиевди шайладык. Жакынкы аралыкта КТРКнын башкы директору кызматына сынак жарыялайбыз” – деп жазган Жылдызбек Керимбаев.

Белгилей кетсек, 6-октябрда КТРКнын байкоочу кеңеши башкы директордун кызмат ордуна Чынар Капарова менен Мирлан Самыйкожонун талапкерлигин караган. Кароонун жүрүшүндө аталган кызматка байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдыз Бакашеванын талапкерлиги көрсөтүлүп, убактылуу директор болуп дайындалган. Кийинчерээк КТРК бул чечим кайра каралып, директордун милдетин аткаруучу болуп Мирлан Самыйкожо дайындалган.

Ал эми КТРКнын башчысы  Жайнак Үсөн уулу 6-октябрда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

https://www.facebook.com/goldstarbek/posts/3456868764356537

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: