Menu

“Тизме-гейтке” кандай баа берилиши мүмкүн?

Бөлүшүү:

Өткөн жылдагы президенттик шайлоонун жүрүшүн камтыган күмөндүү «тизме-гейттин» эл арасына жарыяланышы соңку убакта коомчулуктун, өзгөчө бийликке каршы тилкедеги саясый күчтөрдүн бүйүрүн бир топ кызытып койду.
Башка өлкөлөрдү жандуу мисалга тартпаган күндө да эгемендүүлүктү алган жылдардан бери төрт бийликтин доорунда (Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев) канчалык шайлоолор ыплас, балит технологиялар менен коштолгонуна карабастан, азыркыдай «тизме-гейт» жаңжалы чыккан эмес. Муну азыркы бийлик да танбаса керек. Мындай күмөндүү схеманы канчалык жандалбаска түпгүп, «фейк маалымат» катары сыпатташканы менен экс-президент Алмазбек Атамбаев муну чындыкка теңегени маселенин канчалык деңгээлде жүйөлүү экенин далилдеп турабы? Дал ушундай күмөндүү жараяндардан соң бийликти буттан чалууга аракет жасашып, каршылаш тараптар легитимсиздик боюнча оозангандарын кайда катабыз? Мындай соккулардан соң маселени иликтеп чыгуу үчүн ИИМ милдетин алгансыды. А чындап келсе, шекжараткан мындай схемаларды текшерүү ИИМдин компетенциясына кирбейт. Күмөндүү иштин күнгөй-тескейин иликтеп-жиликтеп чыгуу БШК менен башкы прокуратуранын тикелей милдети болчу.

Күч органдары канчалык күйгүлтүккө түшүп, ИИМдегилер ит менен издеткен күндө деле бул күмөндүү ишке эч ким баа бере албайбы? А негизинде бул иштин тегин жерден чыкпаганы бештен белгилүү экени ачыкталабы? Эртедир-кечтир бийликтен оомат кеткен убакта бул иштер үчүн алгач саясый, андан соң кылмыш иши козголушу мүмкүн. Ага чейин таарынган бир катар саясый күчтөр мындай күмөндүү схеманы бетке кармап, маселенин өңүтү келсе-келбесе дагы бат-баттан көтөрүп, бийликтин чок баскандай шаштысын кетире берери турган иш. Алтургай дал ушул маселени бетке кармаган пикет-митингдер жазга карай күч алары саясый күчтөр арасында каңкуулана баштады. А мындай жол Атамбаев бапггаган саясый күчтөргө да оңтойлуу болууда. Жазга карай чынында абал оорлошуп кетпейби? Алдын алуу жагы Ак үйдөн кандай деңгээлде каралып жатты болду экен?

Автор: Ийгилик Болсунбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: