Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жана “Жаңы муун” саясий кыймылынын жолбашчылары Ош чөлкөмүнүн жаштары менен жолугушту. Маңдай-тескей сүйлөшүүнүн жүрүшүндө калктын активдүү катмары президент Сооронбай Жээнбековдун корупцияга каршы күрөшүн ачык кубатташаарын, бирок, бул аеосуз таймашта бийликке кесипкөй жана мекенчил кыз-жигиттерди байма-бай тартуу зарылдыгын дагы баса белгилешти.
– Кыргызстанда сөз эркиндиги олуттуу коркунучка кептелди. Чындыкты жазган журналисттерге соттор аркылуу олчойгон айыптарды салышып, а түгүл чекесинен камап дагы жатышат. Мисалы, замандашыбыз Мавлян Аскарбековду “Фейсбук” баракчасында жазгандары үчүн соттоп тынышты. Эми минтип журналист Элмира Алканованын үстүнөн дагы атайылап кылмыш ишин козготушту. А саясий позициясы өтө бекем инсандарыбызды дагыле түрмөдө кармап олтурушат. Мындай акыйкатсыздыкка азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков акыры чекит коерунан биздин дагыле үмүтүбүз чоң!
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ