Menu

Сагынбаеваны сагынсаңар Батукаевге бата берген ошол

Бөлүшүү:

Сагынбаева Саламаттыкты сактоо министри болуп туруп: “Азиз Батукаев өлгөнү калды, аны бошотбосок болбойт” – деп, медициналык бүтүм чыгартып, боштондукка чыгарган. Ал кезде президент Алмазбек Атамбаев болгон, ал эми анын экинчи аялы Раиса Атамбаева Татарстанга барып, ошол кезде ал жактын президенти Миннихановго : “Душа моя Татарстан” – деп чыйылдаган. Чыйылдаса чыйылдай берсин, бирок ал кезде ал президенттин жубайы эле да, болгондо да Кыргызстандын президентинин жубайы эле. Анда эмне Казанга барып Татарстанды мактайт? Же Кыргызстандын президенти Атамбаевдин экинчи жубайы экенин унутуп, каны козголуп кетип татарларды мактап жибердиби? Ал бир топ саясатта ашмалтай кылган, ошонун бири бир курстан окуган курсташы Динара Сагынбаеваны Саламаттыкты сактоо министри кылган. Парламент болсо бир добуштан дүркүрөтүп кол чаап, Сагынбаеваны министрликке өткөзгөн. Сагынбаеваны эл сагынган жок, анткени ал курсташынын аркасы менен министр болгону менен тарыхта өлбөс-өчпөс иш калтырды. Нарында камакта жаткан Азиз Батукаевге “катуу оорулуу” деген медициналык бүтүм чыгартып, камактан бошотуу үчүн, катуу кам көргөн. Эмне үчүн Батукаевди бошотууга жан талашып аракет кылган? Себеби, “подружкасы” Раиса Атамбаевага жагынууга аракет кылган. Анын мындай ой-пикирине эл көнгөн эмес, анын министрликтен кетиши үчүн көпчүлүк тикесинен-тике турган. Сагынбаева Батукаевди кетиргени үчүн министрден кеткен. Бирок, “подружкасы” аны мурдунан жетелеп, Улуттук госпиталга жетекчиликке алып барган. “ Кыңыр иш кырк жылдан кийин” дейт, азыр кыңыр иш алты жылдан кийин эле билинди, Сагынбаеванын жасалма медициналык жолдомосу, эми ачыкка чыкты.

Азизбек Келдибеков

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: