Menu

Фото – Түн ичинде мэрия төрт стационар уюштурду

Бөлүшүү:

Шаар мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен мэрия түн ичинде шаардын төрт районунда күндүзгү стационар уюштурду. Бул тууралу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ленин районунун «Газпром» дене тарбия комплексинде 90 орунга, Свердлов районунун «Чыгыш-5» кичи районундагы Р. Саанатбаев атындагы дене тарбия комплексинин эски имаратында 150 орунга, Октябрь районунун «Бишкекнаабайкана» МИнин базасында 140 орунга жана Биринчи май районунун Кожомкул атындагы спорт ордосунда 150 орунга ылайыкташтырылган күндүзгү стационарлар даярдалды.

Шаардыктар үчүн санитардык бөлүгү да уюштурулган. Кимдин абалы жеңил жана орточо деп бааланып, укол жана асма укол алуу керек болсо бул жакка кайрылышса болот. Ковид-19 бейтаптары үчүн бул стационарлар ылайыкташтырылган эмес.
Ар биринде шаардык Үйбүлөлүк медицина борборлорунун медиктери, МСЭКБнун эпидемиологдору жана медайымдары бейтаптарды кабыл алышат.

Азыркы учурда стационарларды ачуу кызуу жүрүп, медкызматкерлерди алуу, мобильдик аптекаларды ачуу, керектүү жабдууларды орнотуу иштери жүргүзүлүп, иштин алгоритми бекитилүүдө. Бир сутканын ичинде төрт стационар тең шаар тургундарын кабыл ала баштайт.

 

   

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: