Menu

Жаркынай Алымова, “Марва” телеканалынын алып баруучусу: “Хиджаб кийүү жашоомо чоң өзгөрүү тартуулады”

Бөлүшүү:

Жүрөгү ыйманга толгон, жүзү сүйкүмдүү «Марва» телеканалынын «Таң берекеси» программасынын жооптуу редактору жана алып баруучусу Жаркынай Алымова менен маек курдук.

– Жаркынай, алгач өзүң тууралуу уксак?

– 8 айлык кезимде апам менен атам ажырашып кетишкен экен. Апам мени таене-таятамдын колуна берип, 8-класска чейин Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында окудум. Үч жашка чыкканда таятам каза болуп, таенемдин тарбиясын алып чоңойдум. Аябай ыйлаак, көкбет кыз болчу экенмин. Андан да кызыгы, сары, көзү көк, башкача кыз болгондуктан айылдаштарымдын баары «сары кыз, орус кыз, Наташа» дешчү. «Аталуу жетим арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим» дегендей, эч кандай кыйынчылык көрбөй, таяке-таежелериме эркелеп өстүм. 8-класска келгенде өзүмдүн апама келип, Бишкектеги №64 мектеп-гимназиясынан 11-классты жыйынтыктадым.

– Журналисттик кесипти аркалоо бала кезден берки тилегиң беле?

– Бала кезимде эле эл алдына чыккым келе берчү. Кийин окууга тапшырарда журналист болом десем, таенем «ай койчу ай, журналисттерди өлтүрүп кетет, ызы-чуусу көп, кыздарга ыңгайсыз жумуш» дегенинен КУУнун филология факультетине тапшыргам. 2-курстун башында ЭлТР телеканалынын маданият бөлүмүнө практикага кирип, эң алгачкы кыялдарым ошол жерден орундалган. Интервью, текст жазмай, монтаж -мунун баары мага жаңылык болду. Ошондо максат коюп аракет кылсаң максатыңа, кыялыңа Кудай жеткирерине ынангам. Жаркырап сыналгыдан чыккан журналисттердин кадр сыртындагы түйшүгү, режиссер, монтажер, техник, операторлордун жадагалса айдоочунун, баардык кадр сыртындагы жумушчулардын ыкчамдыкты талап кылган эмгектери абдан таң калдырган.

– Азыркы учурда «Марва» телеканалында экенсиң. Кадр сыртында кызыктуу да, түйшүктүү да учурлар көп болсо керек…

– Кадр сыртында өтө көп кызыктуу учурлар болот. Айрыкча түз эфир учурунда. Бир жолу биз кийинки рубрикага кезек берип жатканда биздин алдыбызда турган айнектен жасалган стол өзү-нөн өзү сынып түшүп калган. Кээде ооруп жатып дагы эфирге чыкканга туура келет. Эфирден жөтөл токтобой калган учурлар болгон. Таңкы эфирдин жоопкерчилиги менде болгондуктан, таң атпай конок чакырыш өтө азап, уктап калышат, дарек таппай адашат, мындай учурда маанай түшөт. Бирок экрандан күлүп-жайнап чыкканга туура келет. Жумушум өзүмө абдан жагат, мен үчүн жумуш эмес эле эс алуудай. Жасап жаткан иш абдан түйшүктүү, бирок ошол эле учурда ырахат тартуулайт. Күндө жаңы окуялар, жаңы идея изденүү менен өтөт.

– Өзүңдүн муунуңа, азыркы жаштарга көңүлүң толобу?

— Азыр абдан прогрессивдүү, башкача ой жүгүрткөн жаштар келе жатат деп билем. Айтарым, жаштарга тажрыйбаңыздарды бөлүшүүдөн тажабаңыздар. Анткени бул да болсо мамлекетке берген кошумчаңыздар деп билем. Көпчүлүк мекемелерде практикага алышпайт, алыш керек, анткени жаштар ошого муктаж. Ал эми студенттер, бизге окшогон жаштар максат коюп, ага жетүү үчүн бардыгына чыдамкай, даяр болушу керек.

-Хиджаб кийүү жашоооңо кандай өзгөрүү тартуулады?

-Денемди жаап, эркектердин назарынан коргоп жүргөнүмө алты айдын жүзү болду. Муну жашоомдогу оң өзгөрүү катары кабыл алам. Хиджаб кийсем, максатыма жетпей калчудай сезилчү. Кийин чыныгы максат кайсы экенин, аялзатынын аруулугу жоолук экенин билип, бул кадамга келдим. Көрсө, чын эле керемет экен. Менин жашоомдогу эң биринчи максатым – Жараткандын ыраазычылыгын алуу болсо, экинчиси-үлгүлүү үй-бүлө түптөө, мээримдүү эне, бактылуу жар болуу.

– Жактырган адамыңды жолуктурдуңбу?

– Кыздар үчүн биринчи орунда үй-бүлө туруш керек деп ойлойм. Келечекте ата ордуна ата болгон, бир туугандарымды сыйлаган, кыздарды ыйлатпаган, ыймандуу, түшүнүктүү, эмгекчил, «мырза» деген атка татыктуу адамга жолугушумду Кудайдан тилейм.

Маектешкен: Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: