Menu

Дональд Трамп журналист Хизер Нойертти АКШнын БУУдагы элчиси кылып дайындады

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Тармп Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойертти АКШнын БУУдагы элчиси кызматына дайындоо чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Bloomberg ишенимдүү үч булагына таянуу менен билдирди. Кийинчерээк Нойреттин жаңы кызматы тууралуу Reuters баштаган бир нече басылма да жазды.

Fox News телеканалынын маалыматы боюнча Трамп бул маалыматты 7-декабрда Твиттердеги баракчасында тастыктайт. Бир ай мурун АКШ президенти Нойретке жаңы кызмат сунуштаганын билдирген.

Bloomberg 48 жаштагы Нойреттин АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалышын “стандарттуу эмес чечим” деп атады. Басылма анын жогорку мамлекеттик кызматтарда тажрыбасы аз экенин белгилеген.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы болгонго чейин Хизер Нойерт узак убакыт ABC News телеканалында кабарчы болуп иштеген. Андан соң Fox News телеканалына өткөн. Ал жакта Нойретке Дональд Трамптын сүйүктүү телешоулорунун бири Fox and Friends берүүсүн алып барууну сунушташкан.

Октябрда АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли жыл аягына чейин кызматынан кетерин жарыялаган. Ал президентти администрациядан тышкары жерде иштеп колдой берерин айткан. Бирок ноябрдын ортосунда The New York Times Никки Хейли Макл Пенстин ордуна вице-президент болушу ыктымал экенин жазган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: