Menu

Видео – Таалайбек Айдаров, КСДПнын 1994-жылдан берки мүчөсү: “Мен Атамбаевди СДПКнын лидери катары тааныбайм, себеби ал баскынчы, ал СДПКны да басып алган”

Бөлүшүү:

“Мен ушул Сагынбек Абдрахманов баштаган “Атамбаевиз КСДП” кыймылына рахмат айтып койгум келет, силерге ден соолук жана ийгиликтерди каалайм. Анан бүгүн Атамбаевди жана СДПКны колдоп жаткандарга да айтар сөзүм бар”, – деп билдирди бүгүн, 8-декабрда Бишкекте болуп өткөн КСДПнын Ленин райондук партиялык жыйынында ардагер Таалайбек Айдаров.

“СДПК кандай жаралган? CДПКнын түзүүчүлөрү кимдер? Мен ушуну айтып кетейин, СДПК 1993-жылы сентябрда жаралды. Мен 1994-жылы бул партияга мүчө болуп кирдим. Атамбаев бул партияны баскынчылык кылып басып алган. Мен Атамбаевди СДПКнын лидери катары тааныбайм, себеби ал партияны басып алган баскынчы! Партиянын негизги түзүүчүлөрү азыр талаада калышты, байкуштар көчөдө жүрушөт, кийин кошумча түзүүчү болуп кирген Атамбаев партияны басып алган. Муну сотко беришибиз керек”, – деди Айдаров.

“2009-жылы Курман Бакиев учурунда Максим ЦАРИсин түзүп жатканда мен ЦАРИнин тизмесин алдырып, “Форумда” Атамбаевге Сапар Исаковдун тизмеде экенин көрсөткөм, “Алмаз Шаршенович, мына ЦАРИнин тизмеси, баары бул жерде олтурушат” деп. Максим Бакиев менен Сапар Исаков ЦАРИнин тизмесинде Кытайга барганда дагы айттык. Ошондо Атамбаев өзүнүн “Форумунда” олтуруп айткан:”ушулардын баарын бир жеринен илчү жерге илебиз!” деп. Иш жүзүндө Атамбаев илчү жеринен бизди илип салып, ЦАРИнин балдарын тепкичтен тепкичке көтөрүп келбедиби…”- дейт ардагер Айдаров.

“Азыр кээ бирлер “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын артында жогру жактан бир күч турат” деп айтып жатышат. Ооба ал чын. “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын артында чоң күч турат – ал мен! Айдаров! Муну Фейсбукка да жаздым. Мына мени менен бирге сиздер турасыздар! “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы Атамбаев президент болуп турган учурда түзүлүп иштей баштаган”, – деди Таалайбек Айдаров.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: