Menu

Алмаз Атамбаев: “Эң чоң адашканым – президенттик шайлоо болду, адашканым үчүн элимден кечирим сурайм”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып, былтыркы президенттик шайлоону эң чоң адашуусу катары мүнөздөдү. Ал бир топ региондордон ага адамдар келип, президент тууралуу нааразылыгын айтып жатканын билдирди.

“Алардын эң негизги нааразычылыгы, “сага ишенип, президенттикке көрсөткөн адамыңды колдосок, ушундай болуп жатат, өзүнө каршы иштеген Байсалов, Тербишалиев сыяктууларды көтөрүп жатат” деп таарынычтарын, армандарын айтып жатышат. Албетте, мен бул сөздөрдү угуп алып, абдан кайгырып жатам, өкүнүп жатам. Эң чоң адашканым ушул окшойт – президенттик шайлоо. Ошондуктан, элимден бул катачылык үчүн, адашканым үчүн кечирим сурайм”,- деди Атамбаев.

Экс-президент мындай оюн журналисттин “Сиз кайсыл кылган ишиңизге эң көп өкүнөсүз?” деген суроосуна жооп катары айтты.

Ал бул интервьюсунда өткөн бир жыл ичиндеги окуяларга өзүнүн баасын берип, өз байлыгы, Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо, камалган саясатчылар сыяктуу бир катар маселелер боюнча суроолорго кыргыз тилиндеги жооп берип жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: