Menu

Алмаз Атамбаев: “Мен быйыл мартта, президент болбой калгандан кийин генпрокурор Жолдубаева менен Абдил Сегизбаевди чакырып: “Бабановдун иши жабылыш керек!” дегемин”

Бөлүшүү:

“Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда айткан сөзү кыргыздардын ачуусун келтирди. Анын сөздөрүн биринчи жолу экспертиза кылганда улут аралык араздашууга чакырык бар деп жыйынтык чыгарышкан. Бирок кийин да экспертизалар болду да, эксперттер чогулуп “жок, андай болгон эмес, жөн эле эмоция менен айтылган сөздөр” деп айтышкан», – деп билдирди бүгүн, 10-декабрда  Алмаз Атамбаев өзүнүн жеке менчик “Апрель” телеканалына интервью берип жатып.

“Жаман ою болсо Бабанов шайлоо бүткөндөн кийин деле тополоң баштаса болмок да. Кыргызстандын ынтымагы ал үчүн ыйык нерсе экенин иш жүзүндө көрсөттү. Ынтымак үчүн саясаттан да кетем деп депутаттык мандатын да өткөрүп берди. Ага дагы бир иш козголгон да, Канат Исаев акча алган, тополоң уюштурабыз деп акча тараткан деп. Бирок Канат Исаевдин ишинде Бабановдун эч кандай изи чыккан жок. Мүмкүн Канат Исаев өзү эле ээнбаштык кылганбы, иши кылып азыр Канат Исаев парламентте жүрөт да. Бийликтин ага дооматы деле жок окшойт. Мен муну былтыр декабрда эле көргөм, ошондуктан декабрда эле жаңы президент Сооронбай Жээнбековго айткам, “ушул Бабанов момундай кадамдарга барып жатат” деп, өзгөчө быйыл январда айткам, “бул иштерди жабыш керек” деп айткам жаңы президент Сооронбай Жээнбековго.  Ал киши макул болгон. Керек болсо, кудай өзү кечирсин, президент болбой калгандан кийин да, февраль-март айларында ошол кездеги генпрокурор Индира Жолдубаева менен ГКНБнын төрагасы Сегизбаевди бир-эки жолу чакырып, беттештиргем: “Бабановдун иши жабылыш керек!”  депчи. Мен бир нерсени түшүнбөптүрмүн, эми президент башка болчу да, алар мени сыйлаган үчүн келип, баш ийкегени менен команданы башка президент берип калган да. Мен ишенчээк адаммын да. Мына, күбө да бар керек болсо, мартта Руслан Казакбаев келип калыптыр. Ал мага көп келип атты да “Бабановдун иши мындай болуп жатат, кийинки экеспертиза мындай чыкты, Канат Исаевдин ишинде Бабанов жок экен” деп. Мен Руслан Казакбаевдин көзүнчө Абдил Сегизбаевге телефон чалдым, “Эй Абдил Бабановдун ишин жабыш керек го” деп айтсам, ал “байке кичине созулуп жатат” деди. Анда “Русланды кабыл алып, сооротуп кой” дедим ачык айтканда. Руслан ошондо Абдилге кеткен. Менимче муну Руслан деле, Абдил деле тана албайт. Чындыгында Бабановдун иштери жабылыш керек. Бабановго тескерисинче ракмат айтыш керек. Менин сөзүмө, Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө ишенип алданып калды. Мен да өзүмдү ыңгайсыз сезип атам”, – деди Алмаз Атамбаев.

Баарынан кызыгы, Бабановдун үстүнөн кылмыш ишти Атамбаев козготконун Кыргызстанда алты жашар бала деле билет. Бирок Атамбаев адатынча өзүнүн кылыктарын Сооронбай Жээнбековго оодарып салганга аракет кылууда. Эксперттер бул интригалардын максаты – Бабановдун электоралдык жана каржылык ресурстарын өзүнө буруп, чоң казатка аттанганы жатканынан кабар берет деп эсептешет.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: