Жогорку Кеңеш электр энергиянын баасын көтөрүлүшүн колдобойт. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге депутат Кожобек Рыспаев билдирди.
Анын айтымында, эгерде Мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги жаңы трифтик саясат киргизсе, эл өкүлдөрү тарифтин көтөрүлүшүнө каршы чыгышат.
“Мурун тарифтер Жогорку Кеңеш менен макулдашылчу. Азыр болсо МОЭКЖСА негизделгенден кийин мындай ченем жок. Бирок депутаттар бул ишке баары бир кийлигишет,” – деп билдирди Кожобек Рыспаев.
Эл өкүлү тарифтерди көтөрүүдөн мурда калктын басымдуу бөлүгү кандай шарттарда жашаарын, жана тарифке ылайык төлөөгө чамасы жетеби же жокпу, изилдениши керек деп кошумчалады.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ