Menu

Дүйнөнү дүңгүрөткөн шедеврлердин түбөлүктүү жаратуучусу

Бөлүшүү:

Непада, ал өзүнүн ушул-өткөрө жооптуу милдетинин өтөсүнө чыга алдыбы? – деген суроо туулса, биз ага бир ооздон: даңазалуу калемгер баса белгилеп кеткен “чоңураак нерсе жөнүндө” гана эмес, глобалдык, жалпы планетарлык, адамзат менен цивилизациянын тагдырларына түздөн-түз таасирин тийгизе турган өтө маанилүү көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, алардын бардыгын талдап, баяндап жана чагылдырып бере алды деген жобптуу узатмакпыз.

Муну ЮНЕСКОнун так маалыматтары тастыктап тургандай, жазуучунун чыгармаларынын биздин өлкө менен постсоветтик республикаларды мындай коелу, Европа, Америка, Азия, Африка континеттеринин бардык аймактарынын элдеринин 180ге чамалаш тилдерине (алардын ичинде сейрек кезигүүчүлөрү да бар) которулуп, 870 саам басылып чыгып, ааламдын 130га тете өлкөлөрүндө, болуп көрбөгөндөй, 100 миллиондон ашуун нуска менен жарык көргөнү эле, бул маселени өз-өз ордуна коюп жатпайбы. Баса, анын “ Жамийласы эле, Германияда 27 ирет окурмандардын колуна тийген экен. Мына, дал ушундай, уникалдуу көрсөткүчтөрдүн шарданасы менен, Чыңгыз Төрөкулович улуу драматург – У.Шекспир жана улуу жазуучу -Л.Толстойдун катарында турган дүйнөлүк улуу классик деп, эч үндөбөй, таанылып жатпайбы.

Дал ушул – бүгүнкү күнү тарыхтын жылнаамасы улутубуздун унутулгус сыймыгынын 90 жылдык мөөнөтүн так эсеп менен санап бермекчи. Ошентип, КРдин президентинин расмий жарлыгы жана эл аралык “Түрксой” уюмунун демилгеси менен жарыяланган “Айтматов жылы” өзүнүн түз маарасына чыгып олтурат. Бул – толкундатуучу окуяга карата кенири кулач жайган бүткүл элдик даярдык эл аралык деңгээлге чейин көтөрүлүп , аны кайсы жагынан алып карабайлы, эң жогорку уюштуруучулук таризде өтүп жатканына биз баарыбыз жандуу күбөбүз.

Калкыбыздын кадырман уулунун чиеленген, көп багыттуу өмүр таржымалына; көп кырдуу, көп сырдуу адабий изденүүлөрүнө; мамлекеттик, коомдук-саясий, дипломатиялык, парламенттик ишмердигине; философиялык, этикалык, эстетикалык көз караштарына; тек кана, адамдык жекече акыл-парасат, ариет, дөөлөт, касиеттерине арналган ар кыл темадагы материалдар ЖМКнын бардык багыттары боюнча байма-бай чагылдырылып жатканы биздин көз алдыбыздан өтүүдө. Республиканын бүтүндөй басма сөзү, телекөрсөтүү, радиоуктуруу каналдары мааракеге даярдыктарды чагылдырууга өтө жигердүүлүк менен катышып келди. Залкардын чыгармаларынын негизинде тартылган кинотасмалар менен коюлган спектаклдердин жумалыгы, “Айтматовдук окуулар”, КМШнын алты республикаларынын театрларынын катышуусу менен бизде уюштурулган “Айтматов жана театр” фестивалы зор ийгилик менен аяктады.

Өлкөбүздүн бардык баскычтагы окуу жайларында улуу гуманистке арналган илимий конференциялар, “тегерек столдор”, көргөзмөлөр болуп өТтү. Мындай иш-чаранын Жогорку Кеңеште да атайылап өткөрүлүшү – коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алды. Ош мамлекеттик университетинде уюштурулган эл аралык илимий-практикалык конференцияга президент С.Жээнбеков катышып, сөз сүйлөдү. Республиканын музейлеринде кесипкөй сүрөтчүлөр менен үйрөнчүк балдардын Ч.Айтматовго арнаган чыгармаларынын көргөзмөлөрү да чоң кызыгуу туудурду.

Адабият алпынын көпчүлүк билип-билбеген, анын жеке өзүнө гана таандык болгон инсандык өзгөчөлүктөрү, архивде ачылбай жаткан купуя сырлары (мисалы, улуу Бүбүсара эжебизге болгон бийик аруу сезими) менен коомчулук кенен-чонон таанышып чыкты. Ушундай иш-аракеттер элдин табигый кызыгуусун жаратып, анын чыгар-маларын окуй электерди-окуп чыгууга, окугандарды – аларга кайрадан кайрылууга түртү берип жатканы анык. Албетте, мындай жагымдуу кадамдардын тарбиялык, адеп-ахлактык, ыйман-ынсаптык жана руханий мааниси менен таасири баарыбыз, бөтөнчө, жаш муундарыбыз үчүн баа жеткис экендиги талашсыз.

Ушул ыңгайдан алып караганда, Улуттук илимдер академиясы тарабынан даярдалып  чыккан “Айтматов энциклопедиясынын 3 томдугу”, ондогон башка китептер, чыгармаларынын топтомдору – Айтматов таануу илимине кошулган ири салым катары кабыл алынмакчы. Булардан сырткары, анын өрнөктүү өмүрү, басып өткөн байсалдуу эмгек жолун аңдап, талдап, иликтеп чыгууга багытталган бир кыйла мыкты эмгектер окурмандардын колуна тийип отурат. Аларга: “Айкөлдүгү Манас баба өңдөнүп… (түзуүчүлөр А.Акматалиев, Н.Мамедов), философ Т.Аскаровдун “Абсолютту издөө – Айтматовдун кредосу”, саясат таануучу Ж.Сааданбековдун “Чыңгыз Айтматовдун философиясы”, тарыхчы Ч.Өмүралиевдин “Куш жолунда кут чөккөн”, филолог А.Асанованын “Чыңгыз Айтматов – публицист”, журналист М.Тентимишев менен дарыгер О.Нарбековдун “Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?”, жазуучу С.Станалиевдин эки томдук романы, илимпоз О.Ибраимовдун жакында эле Астанада басылып чыккан “Айтматов- империянын акыркы жазуучусу”, “Өрнөктүү адамдардын өмүрү” (ЖЗЛ) сериясынан Москвада жарык көргөн “Чыңгыз Айтматов” аталыштагы баалуу чыгармаларды кошуп кетишибиз шарт.

Адабият сырттанынын мааракесине карата жайылтылган даярдыктардын ичинен айрыкча маанилүү орунду -президент С.Жээнбековдун Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы – А.Гутерриш
менен Нью-Йоркто жолугушуусу, 25-сентябрда анын Башкы ассамблеясынын 73-сессиясында чыгып сүйлөгөн сөзү ээлеп турат дээр элек. Анткени, Сооронбай Шарипович улуу философ-ойчулдун:” Адамга биримдикте жашоодон өткөн дөөлөт жок, себеби дүйнөнү биримдик, ынтымак, гана сактап калат”,- деген акылман аныктамасын кайталоо менен , Айтматовдун айткан ойлору БУУнун максаттарына толугу менен дал келе тургандыгына өзгөчө басым жасап кетти. Мамлекет башчыбыз уюмдун китепканасында жазуучунун мааракесине арналган фотокөргөзмөнү ачып, анын чыгармаларын жана атайын даярдалган белектерди тапшырды.

Орошон ой менен көркөм сөздүн бул уникалдуу сыйкырчынын элестүү датасына карата кам көрүүнүн туу чокусу болуп, “Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары” деген аталышта өткөрүлгөн 3-эл аралык “Ысык-Көл форуму”эсептелет. Анын ишин 5 -октябрда президент С.Жээнбеков ачып, ”Бүгүнкү өтүп жаткан форум-улуу инсан, улут акылманы, дүйнө кеменгери- Чыңгыз агабызга болгон биздин терең таазимибиз”,-деген баа берди. Иш чарага ааламдын 30га чамалаш өлкөлөрү менен улуттук интеллегенциябыздын элитасы катышты. Форум өз ишин 6-7 октябрда Чолпон -Атадагы мамлекеттик резиденцияда улантып,”Дүйнө – бизди өзгөрттү, биз – дүйнөнү өзгөрттүк”, ”Күн сайын адам болуу”,”Бардыгыбыз – бир кайыктабыз” деген тематикалык багыттар боюнча талкуулар жүргүзүлдү. Соңунда “Рух Ордодо” жазуучунун чыгармаларынан түзүлүп, театрлаштырылган көрсөтүүлөр тартууланды. Форум өтө жогорку денгээлде уюштурулуп , анын бардык катышуучуларынын бийик баасына татыды.

Форумдун өзү жана андан бир аз мурда бизде өткөрүлгөн Көчмөндөрдүн 3 – дүйнөлүк оюндары, президенттин БУУдагы сүйлөгөн сөзү – мекенибиз менен элибиздин кадыр-баркын,беделин жана зоболосун эл аралык эн-чендеги жаңы баскычка көтөрүп чыккандыгы күмөнсүз.

Чыңгыз аганын мааракесин утурлай уюштурулган сонку чактагы иш-чаралардын ичинен татыктуу чоң орунду- Белорусиянын баш калаасы Минскинин бир паркына КРдин Өкмөт башчысы -М.Абылгазиевдин катышуусу менен, даанышман мекендешибиздин ысымынын ыйгарылгандыгы, Орусиянын элдердин достугу университетинин бир тармагы атынан коюлгандыгы, Москвадагы – анын атындагы көчөгө жогорку көркөм-архитектуралык деңгээлде аткарылган эстелигинин орнотулгандыгы ээлеп турат деп ырыстагыбыз келет. Бул маанилүү салтанатка президент С.Жээнбеков, Москванын мэри – С.Собянин катышып, сөз сүйлөштү.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн шедеврлер жаратуучусунан биздин мындан он жарым жыл мурда ажырап калганыбызга карабастан, анын генийи убакыт улам арылаган сайын өчпөс чолпон жылдыз сымал төбөбүздөн жаркырап жана берет. Акылман ой, талант, интеллект, рухтун ааламда бир ирет жаралчу нукура феномени, доордун күрөө тамырын бүтүндөй жүрөгү менен сезе билген даңазалуу калемгер, улуу гуманист философ Чыңгыз Төрөкулович тарыхтын барактарында өчпөс алтын тамгалар менен түбөлүккө сакталып кала берет. Муну-калкыбыздын бул уңгулуу уулу, өрнөгү, жана символунун 90 жылдык торколуу тоюна карата жайылтылган даярдыктын, анын “ Ата-Бейиттеги” көрүстөнүнүн кадимки Мекеге айланып бара жаткандыгынын өзү эле, айкын- ачык жана даана далилдеп турбайбы…

Автор: Тилектеш Ишемкулов

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: