Menu

Алмамбет Шыкмаматов, ЖКнын депутаты, “Ата-Мекен” фракциясы: “Уурдабаган бийлик келет да баардыгын ачыкка чыгарат”

Бөлүшүү:

— Алмамбет Насырканович, атамекенчилерге, алардын арасында сизге “Мегакомдо» 7% үлүшү бар”-деген маалымат чыкты. Кайдан жүрүп бакыйган компаниядан үлүш алып жүрөсүз?

— “Мегаком” жөнүндөгү чыр азыркы Конституциянын тегерегинде чыккан саясый кара пиярдын уландысы. Мисалы 7% менде, Аида Саляновада, Өмүрбек Текебаевде 8% деп айтып жатышат. Эгерде андай болсо качан эле баарыбызды аянтка алып чыгып атып салышмак. 28% деген бул миллиондогон долларлар болчу да. Карандай калп экенин эки нерсе менен далилдесе болот.

— Мисалы?

— Биринчиси, 2010-жылдан баштап бир дагы тыйын “Мегакомдон” дивидент бирөөлөргө кеткен эмес. 49% мамлекетке өткөн. Ал эми 2013-жылы 51%ы да мамлекетке өткөн, бирок ошол жылга чейин баардыгы мамлекеттик башкаруу мүлк фондундагы атайын эсепке түшүп турган. Бир тыйын сыртка чыкпаса бизге кайдагы дивидент? Бирок мамлекет аркылуу “Мегакомду” мыйзамсыз башкарып уурдагандарды текшерели деп жатабыз. Ошол жерде биздин тийешебиз бар деген сөз болбогон кеп. Анча-мынча экономикадан түшүнүгү бар киши муну абдан жакшы түшүнөт. Ошондуктан мунун баары куру жалаа. Куру жалаа жаап коюп, эл арасында ушундай сөз жүрө берсин, булар актанып жүрө берет деп жатышпайбы. Ошонун айынан минтип баарыбыз актанып олтурабыз. Мындай маалыматка дени-карды соо адам ишенбейт. Башка байланыш компаниялардын кирешеси жылдан жылга көбөйүп бара жатат. “Мегаком” эң күчтүү байланыш компаниясы. 2010-жылдан бери кирешелер кайда кетти? “Мегакомго” күнүнө 2 млн доллар түшөт экен. Элестеткиле 3 млн абоненти бар болсо, алар күнүнө 50 сомдон сүйлөшсө эле түшкөн акчалар кайда кеткен?! Мамлекеттин ичине алып кирип алып, өздөрү койгон директорлор аркылуу туура эмес жасаган иштерин текшерели деп жатабыз. Ошондо былыктын баары чубалып чыгат.

— Текшерүүгө сиздерге баардык жолдорду ачып береби?

— Албетте жок. Документтерди беришпейт, комиссия да түзүшпөйт. Эгерде комиссия текшерсинчи, кандай гана былыктарды чубап чыгат элек. Эртели-кеч бул маселенин туура эмес иштери иликтенип аягына чыгат. Бүгүн булар комиссия түздүрбөсө, эртең баары бир комиссия түзүлөт. Уурдабаган бийлик келет да баардыгын ачыкка чыгарат. “Калп канчалык шумдуктуу болсо, эл ошончолук ишенет”- деген жакшы сөз бар. “Мегакомдо” 7% үлүшү бар экен деп үчөөбүздү күнөөлөп жатышат. Эми ойлонуп көргүлөчү. “Мегаком” мага эмнеге үлүшүн берет? Мен же алардын маселесин чечпесем, же колумдан эч нерсе келбесе.

— Мамлекетибиздеги Американын, Англиянын элчилиги террордук иштер болуп кетээрин жар салып жатышат. Бул эптеп болуп жаткан окуялардан элди алаксытуубу же?

— Эгерде дүйнө жүзүндөгү чоң мамлекеттердин элчиликтери айтып жатса албетте иштеш керек. Алардын бүткүл ааламга тарап иштеген атайын чалгындоо иштери бар. Андай атайын кызматтар өтө күчтүү. Алар дүйнөнүн баардык атайын кызматтары менен бирдиктүү иштейт. Эгерде алардын бир билгени болсо бул өтө кооптуу. Биздин атайын кызматтар бизди аңдып, тыңшап убакытын, аракетин коротпой ошол кооптуу нерсе менен алектениши зарыл. Ошол коркунучтуу нерсе, биз эч качан эл менен мамлекетке коркунуч туудурбайбыз.

— Кечээ президент “Кудай буйруса жакында шайлоону дагы, референдумду дагы өткөрөбүз”- деп айтып кетти. Эл арасындагы референдумга маанай кандай?

— Референдумду шайлоого байлап койду да. Шайлоого келген киши келет. Референдумду талкуулап жатканда саясатка аралашып жүргөн, саясый айдыңдагы жаңылыктарды иликтеген активдүү жарандар 10% түзөт. Калганынын көбү эмне болуп жатат, кандай иштер болду чатагы жок. Ошолор келип добуш берип өтүп кетет.

— Өтүп кеткенден кийин анык катастрофа башталбайбы?

— Референдум өткөндөн кийин авторлор уят болот. Себеби сот реформасы ошол бойдон калат, бийлик өкмөт менен президентке оойт. Парламент алсырайт, Кумтөр боюнча эч ким камалбайт. Ошондо гана эл башын мыкчып дагы алданганын билет. Бирок анда баары кеч болуп калат.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: