Menu

Урмат Барыктабасов, коомдук ишмер: “Жээнбековду эл АШАсы жок эле шайлаган”

Бөлүшүү:

– Атамбаев “чоң катам Сооронбай Жээнбековду президенттикке калтырганым” деп айтты. А чынында, АШАнын бийлик башында турган убагында кетирген катачылыгы көп болду. А бирок, так ушунусу – ордуна Жээнбековду калтырганы анын эң туура кадамы болду деп ойлойм. Атамбаев сөзүнөн, оюунан азыр да жаңылып жатат, ал мамлекетти, элди менчиги катары көрүүдө. Жээнбековду эл АШАсы жок эле шайлаган. Экс-президенттин оозунан акча түшпөй калды, руханий жактан, адамдын ички дүйнөсү боюнча бир ооз сөзү жок. Бул кишинин абийири ачылган сайын, калпы да, амалы да күчөп баштады. Мен учурда эл адашпай чындыкты туура тандашы зарыл болуп калды деп ойлойм…

Миллиондоп жеген адамдарды коргоп жаткан кишинин бул кадамы туура эмес. Президентги АША эмес, эл шайлаганын түшүнүп, моюнуна ала билсин. Ар кайсы кепти айта бербей, тынч отурса өзүнө жакшы болмок. Ал көп сүйлөгөн сайын ошончолук катачылык кетирип, уят болуп жатат. Анткен менен бул кишиде уят деле калбаптыр… Орусча айтканда “Есть плоскость где деньги не работают”. Акчасына ишеним артпай эле койсун.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: