Бүгүн, 13-декабрь күнү Кыргызстандын мурдагы айыл чарба министри, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Арстанбек Ногоевди Россия Федерациясынын Ямал-Ненецкий, Ханты-мансийский, Омский, Томский, Новосибирский, Свердловский сымал бир топ облустарын ичине алган Сибирь округун башкарууга түртмөлөгөн маалымат “Фейсбукка” жарыяланды.
Маалыматты көчүрүп, “Фейсбукка” жарыялаган Жаналы Нурманбетов аны: “ЦРУ чаба электе Россия озунуп, башкарууга жеңил деп, аймагын 8 округга бөлгөнү жатыптыр. Анын экөөсүн кыргыздар жетектемек бекен?!” деген коментарий менен кошо берген.
Курманбек Бакиевдин ишенимдүү кадрларынын бири болгон А.Ногоевге карата 2010-жылкы революциядан кийин кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин козгоого ал 2008-жылы айыл чарба министри болуп тиштеп атканда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Чолпон-Ата шаарындагы атмайданды менчиктештирүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарган деген айыптоо негиз болгон.
Арийне, кыргыз укук коргоо органдары анын кылмышын иликтемиш болуп жаткан кезде А.Ногоев Россиядан бекем орун-очок алып, чиновниктик карьерасын чет мамлекеттен улантмак болуп жаткан. Ошентип ал 2010-жылдын декабрында РФнын Пензень облусунун вице-губернатору дайындалган. 2012-жылдын февралында ал кызматтан кетип, Москва облусунун Кашир районунда иштей баштагандыгы маалымдалган.
Арстанбек Ногоев 1951-жылы Панфилов районундагы Чалдыбар айылында туулган. Улуту кыргыз. Азыркы учурда анан Россиянын кайсы жеринде экендиги, эмне менен алектенери белгисиз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ