Бүгүн, 13-декабрда, парламент биринчи окууда президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорду жактырды. “Макул” деп 100 депутат добуш берди.
Эл өкүлдөрү Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев “Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жөнүндө” мыйзам долбоорго өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Алардын айтымында, документти Конституция менен дал келтирүү үчүн андан 12- беренени ( кол тийбестик) алып салуу керек, бирок мурунку өлкө башчыларга документте жазылган башка артыкчылыктарды калтыруу каралган. Мисалы, кол тийбестик мурнку президенттин мүлкүнө жана транспорттук унаасына тиешелүү болот.
Буга чейин Конституциялык палата мыйзам ченемди Негизги мыйзамга каршы келерин билдирген, анкени Конституция боюнча экс-президенттин кол тийбестиги жок.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ