Бүгүн, 9-майда Кыргызстанда дагы 25 адамдан коронавирус инфекциясы табылды, алардын ичинен бешөө медициналык кызматкерлер. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Ооруга чалдыккан медициналык кызматкерлер: Бишкек шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Нарын облусунда – 3 катталган.
Кыргызстан боюнча жалпысынан 231 медицина кызматкери коронавирусту жуктуруп алган. Алардын ичинен 166 медкызматкер ооруканалардан айыгып чыккан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ