Даанышман Калыгул Бай уулунун урпагы, жаш акын Рыскүл Изатова 12-декабрда бизде конокто болуп, поэзиянын улуу күчүнө өзүнүн кандайча арбалып калгандынан тарта, жалпы эле чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.
Ошондой эле, жаш акын учурдагы эстрада ырчыларынын ырларынын мазмуну боюнча да пикирин билдирип, аларга катуу сын айтты. “Азыркы музыкант- ырчылар профессионал акындар менен иштешпейт. Обондуу ырларынын текстин өздөрү жазат, же дагы башка ырчыга жаздырышат. Ошондуктан, обондорунун тексти өтө начар, маанисиз болуп калат”, – деди ал.
Жаш акын Р.Исакова улуу инсандарга арнап ыр жаратуудан тартынат. Себеби, залкар адамдардын залкардыгын өз деңгээлинде ачып көрсөткөн жетик ыр жазуунун жоопкерчилиги чоң, ага өзунчө даярдык керек деп эсептейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ