Кечээ, 13-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү коррупция көйгөйүн көтөрүп чыкты. Анын айтымында, кээ бир мекемелердин жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилери аны бизнес үчүн аянтчага айлантып алышкан. “Эмне үчүн президент коррупция менен күрөштү баштады? Коррупция туу чокусуна жетип, өлкөнүн коопсуздугуна жана кадыр баркына коркунуч туудуруп жатат деп ойлойм. Бирок өлкө башчынын коррупция менен күрөшүү жөнүндө тапшырмасын ким, кандай кабыл алды? Тилекке каршы, аткаминерлер азыр эч кимден коркпой калышты. Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, алар акчаны өз кызыкчылыгында алып жатышат. Системалык коррупция, паракорлук жана 10% үлүш дагы деле бүтпөгөндөй сезилет. Эл буга өтө нааразы. Депутат транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин 50 миң доллар пара менен кармалганын мисалга келтирди. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жалпысынан 520 миң доллар алмак.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ