Menu

Кытайлык “Жунда” заводунун кызматтан кеткен жумушчусу сабалды

Бөлүшүү:

Кара-Балта шаарында жайгашкан кытайлык “Жунда” заводунун мурдагы кызматкери Искендер Мамыркуловду белгисиз адамдар экинчи жолу сабап кетишти. Бул тууралуу анын кесиптеши Нурбек Сулайманов кабарлады:

– 11-декабрда Кара-Балтага Жогорку Кеңештин депутаттары келмек. Биз 10-декабрда ошолор менен эмнелер тууралуу сүйлөшөрүбүздү талкуулап алып, тарап кеткенбиз. Кечинде келинчеги “кесиптештерим менен жолугам деп чыгып кеткен бойдон келген жок” деп чалды. Издеп чыгып, оорукана жактан таптык. Өзү келатыптыр, колу байланган, курткасы бычак менен кескиленген, бети-колу тилинген, тили шишип кетиптир, бир бут кийими жок. Машинага отургузуп эле ооруканага алып бардык. Бизди тааныган да жок.

Ушул жылдын октябрь айында “Жунда” заводунун кесиптик кошуун уюму жетекчилик жумушчулардын эмгек укуктарын бузуп, шартын камсыз кылбай, зыяндуулук үчүн кошумча акы төлөбөй келатканын айтып чыккан.

Анда жумушчулардын бири, сабалган Искендер Мамыркулов “жетекчилик тийиштүү акчаны төлөп бербей жатат” деп сотко кайрылганын ноябрдын башында билдирген. Мамыркулов ага өзүн Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери деп тааныштырган белгисиз бир адам телефон чалып, “Жунданын” ишине кийлигишпөөсүн эскертип, коркутканын айткан. Буга чейин белгисиз адамдар Мамыркуловду күндүз артынан келип, башка уруп кетишкен. Анда ал эс-учун жоготуп, кол салгандарды көрбөй калган.

Учурда Мамыркуловдун сабалган фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси боюнча (Адам уурдоо) кылмыш иши козголгонун анын кесиптеши кабарлады. Бул факты боюнча ИИМ менен байланышып, маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Кара-Балта шаарындагы 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө эсептелген жоопкерчилиги чектелген “Жунда” ишканасын кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы куруп, ал 2014-жылы пайдаланууга берилген. Заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшалганы кабарланган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: