Бүгүн, 17-декабрда Тайланддын борбору Бангкокто эл аралык “Аалам Сулуусу-2018” сынагы аяктады. Ааламдын эң сулуусу болуп Филиппин мамлекетинен катышкан Катроина Грэй аталды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Катроина Грэй 24 жашта, ал Love Yourself уюмунда ВИЧ/СПИД маселелери боюнча иштейт, ошондой эле Young Focus коммерциялык эмес уюмунда ыктыярчы болуп эмгектенет.
Экинчи орунду Венесуэлалык Стефани Гуттьеррес ээледи.
Эске салсак, быйыл “Аалам Сулуусу” сынагына Кыргызстан алгачкы жолу катышып, ага биздин өлкөнүн атынан Бегимай Карыбекова барды.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ