Menu

Декларация тапшырган 141 чиновниктин мүлкүндө мандем бар экендиги аныкталды

Бөлүшүү:

 

Ачыкка чыкканы эле 1, 5 миллион доллардан ашык байлыгын жашырган экс-вице-премьер-министр Дүйшөн Зилалиевдин окуясына үндөшүп, жооптуу мамлекеттик кызматта иштеген адамдардын мүлк боюнча декларациясы тыкыр текшериле баштады.

Алгачкы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, жетекчи же жооптуу кызматтардагы 141 чиновник декларациясында мүлкүн жашыргандыгы аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Салык мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов маалымдады. Билдирүүгө караганда,  бул чиновниктердин иши азыр Башкы прокуратурада териштирилип жатат. Ага прокуратура юридикалык баа бериши керек.

Булардан тышкары дагы 178 чиновниктин декларациясындагы маалыматтар текшерилип жатыптыр. Жаап-жашыруу, же жалган маалымат берилгени аныкталса, алар да прокуратура органдарынын колуна берилмекчи.

Чиновниктердин декларациясында негизинен мүлкү, жер участкалары, банктык эсептери жана автотранспорттук каражаттары боюнча маалыматтардын дал келбестиктери аныкталууда.

Жалпысы, 2017-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын 48 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырса, алардын арасынан 833 декларация саясий жогорку кызматты ээлеген адамдардыкы. Мунун ичинен элүүдөн ашуун чиновниктин декларациясында мандем бар.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: