Menu

Генпрокуратура: Прокурордун өлүмүнө күбө Наим Декханов эч кандай ур-токмокко алынган эмес

Бөлүшүү:

Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча иштин күбөсү ур-токмокко алынган эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ушундай мааниде тараган маалыматка комментарий берип жатып бидлирди.

Маалыматка караганда, көзөмөлдөөчү орган кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Камакка алынган Мелис Калыковдун эжесинин билдирүүсү такталган эмес.

“Тергөөнүн дагы, текшерүүнүн дагы жүрүшүндө прокуратура органдары тарабынан күбө ур-токмокко  же кыйноого алынганы тууралуу фактылар такталган эмес. Бул тууралуу тараган билдирүүнүн дагы негизи жок”, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган Мелис Калыковдун эжеси Дамира Калыкова аталган иштин күбөсү Наим Декханов 18-ноябрь күнү Баткендин прокуратура жана милиция кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынып, эми ал операцияга муктаж экендиги жөнүндө билдирген.

Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрда адам колдуу болуп өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков  кармалган. Ал аны укук коргоо органдары ур-токмокко алгандыгын билдирген.   

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: