Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүүдө.
Жыйында журналисттин “коррупцияга каршы күрөш тандалмалуу жүрүп жаткан жокпу?” деген суроосуна “бул системалуу коррупцияны жоюш үчүн жүрүп жаткан күрөштү тандалмалуу деп айтууга болбойт. Азыр коррупция боюнча 200 кылмыш иши козголгон. Бажы тармагынан 32 кишиге иш козголуп, алардын 9у камакта, калганы үй-камагында жатат. Бул күрөш тандалмалуу эмес экендигин кийинчерээк сезесиңер. Ошондой эле, Раим Матраимовду коргоп жатасыз деген сөзгө эч кошулбайм. Мен президент болуп 2017-жылы ноябрь айында келдим. Мага чейин эле Раим Матраимов жөнүндө сөз болгондо эч ким эч нерсе деген эмес эле. Мен келгенден кийин эле, менин жакыным кылып чыгара коюшту” – деди президент.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ