“Мурдагы эле калыптанып калган коррупциялык система, пара алмай, 10% ставка сыяктуу системалуу коррупциянын аягы тыйылбай жатат. Буга эл абдан нааразы”, – деп билдирди Жогорку Кеңеште “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.
“Бишкек ТЭЦи боюнча да айтып кетейин, модернизацияга чейин ТЭЦтин кубаттуулугу 666 мегаватт болучу, 386 миллион долларга модернизация жасалгандан кийин 300 мегаватт кошулуп, кубаттуулугу 966 мегаватт болуш керек эле. Бирок азыркы учурда 812 мегватт берип жатат. Анда 154 мегаватт кайда кетти?” – деди Бакыт Төрөбаев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ