Menu

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жумушчу сапары менен Ош облусуна барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  ички иштер  министри К. Джунушалиев республиканын түштүк аймагындагы иш-сапарында аймактык бөлүмдөрдү кыдырып, Ош облусунун жана Ош шаарынын  шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызмат өтөөлөрүн текшерди.Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалытамка караганда, министр  Ош ШИИБдин уюштуруучулук ишмердүүлүгү менен таанышып, Ак-Буура жана Сулайман-Тоо шаардык милиция бөлүмүнө, андан сырткары башкармалыктын борбордук аппаратына барды.

Андан соң ички иштер министри Ош ОИИБси менен Кара-Суу, Араван, Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүнө барганда соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер менен мыйзамдарды ишке киргизүү боюнча даярдыктарын текшерди. ИИМдин башчысы аймактык бөлүмдөрдөгү имараттар менен бөлмөлөрдү кыдырып, кызматкерлердин Бузуулардын бирдиктүү реестри менен Кылмыштарды жана
жоруктардын бирдиктүү реестринин Электрондук каттоо  китебин киргизүү даярдыгы менен таанышты.

Кызматкерлердин  буузуларды, кылмыштарды жана жоруктарды электрондук каттоонун жаңы тутуму боюнча ишине даярдыгын текшерди.  Андан сырткары министр Ош облусунун аймагындагы “Бирдиктүү терезе”
принцибинде иштей турган ИИМдин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү  борборунун имаратынын курулушу менен таанышты.

Жакында ИИМ бирдиктүү терезе принцибинде иштеген борборду ишке киргизген.  Чүй ОИИББдин имаратында жайгашкан аталган борбордо адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы-тартылбаганы, өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу тактамаларды;  апостилди; ИИМден уруксат алуучу тактамаларды
жана башка документтерди алууга болот.   Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндө Жарлыгын  ишке ашыруу максатында  Ички иштер министрлиги тарабынан  республиканын түштүк аймагында “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборду ачууга даярдыктар көрүлүп жатат.

Ушул эле күнү  Кашкар Джунушалиев Кылмыш иликтөөнүн 100 жылдыгына карата ачылган милициянын генерал-майору Базарбай Нурматовдун атындагы музейде коюлган материалдар менен экспонаттар менен таанышты.

Бүгүн ички иштер министри Ош ОИИБ менен Ош ШИИБдин жетекчилеринин,   кызматтарынын,башкармалыктарынын,райондук бөлүмдөрүнүн, ИИМди Аймактар аралык башкармалыгы менен МАККББнын Түштүктөгү башкармалыгынын башчыларынын катышуусунда кеңешме өттү.
Министр кылмыштарды каттоочу электрондук китеби менен Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрин ишке киргизүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалыматты укту.

Бөлүмдөрдүн жетекчилери азыркы учурда тиешелүү жабдыктар менен камсыздалып, жаңы тутум боюнча кызматкерлердин ишке даярдыгы толук жүрүп жатат  деп билдиришти.  Жыйындын жүрүшүндө ИИМдин башчысына бөлүмдүн жетекчилери жаңы  күчүнө кирип жаткан ченемдик-укуктук актылар боюнча бир катар суроолорду беришти. Кашкар Джунушалиев ички иштер органдарына жана башка мамлекеттик
уюмдарынын алдына жаңы  кабыл алынган мыйзамдарды жакшыртуу механизмдерин ишке ашыруу боюнча жоопкерчиликтүү тапшырмалар коюлгандыгын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: