Menu

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Журналисттер базардагы катындар талкуулаган ушактардан бери президентке суроо кылып беришип, бүгүнкү журналистиканын деңгээлин ачыктап салышты”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-декабрда коомдук ишмер, жазуучу Чолпонбек Абыкеев өзүнүн фейсбук баракчасына кечээ, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун массалык маалымат каражаттарына уюштурган маалымат жыйынынын өтүшү боюнча пикирин жазды.

Анын айтымында, учурдагы журналистика аксап, анын деңгээли мамлекеттин, элдин көйгөйүн талкуулабай, базардагы аялдардын ушактарын талкуулаган деңгээлге түшкөн.

“КР Президенти С. Жээнбековдун өткөргөн маалымат жыйыны бүгүнкү күндө маалымат тармагында иштеген журналисттерибиздин болгон дарамет деңгээлдерин ачыктап салды.
Журналистика өспөй эле тескерисинче, мындан 15-20 жыл мурдагыга караганда алда канча төмөндөгөн экен. Мындай маалымат жыйынга ММК редакциясы “менмин”- деген кыйындарын жиберет же редакторлор өздөрү барат. “Ошондо “менмин”- дегендерибиз ушулар болсо… аттиң”- деп үшкүрүп отурдум.

Журналисттерде өзү бере турган суроого түшүндүрмө (комментарий) берген бир оору пайда болуптур. Маселен “Ө. Бабановго карата козголгон кылмыш ишинин негизи боюнча лингвисттер жана эксперттер “Кылмыштык негиз жок”- деген жыйынтык чыгарышты. Бирок иш бүгүнкү күнгө чейин жабылбай турат. … Сиздин пикириңиз?”-деген суроо бериш үчүн бериле турган суроонун бүт таржымалын, “Отуз -Адырды” айтып чыгыш кажетпи? Ал иш кандайча козголгонун президент эле эмес бүт кыргыз эли билет да. Дээрлик бүт суроо бергендер өз суроосуна түшүндүрмө беришти ал түгүл жообун өздөрү айтып койгондору да болду.

Али журналисттикада жарытылуу эмгек жарата элек жатып “Менин мүнөзүм ушундай. Мен ушундаймын…”- деген сыяктуу сөздөр менен “жылдыз” сезип өзүн рекламалап жибергендери да бар экен. Жыйынга жаңы келгенсип же мурункуларды укпай отургансып, жообу айтылган суроолорду кайталап бергендерди айтпай эле коелу.

Биздин учурда “Президент маалымат жыйынын өткөзөт”- дегенде редакция жумалап даярданчу. Мамлекеттеги, коомдогу болуп жаткан талуу маселелерди изилдеп, экономика, маданият, мамлекеттин келечеги, реформалар тууралуу урунттуу суроону бүт редакция талкуулап даярдачу. Суроо кыска так болор эле. Соц тармактарда ушак деңгээлинде жүрүп жаткан маселелер мамлекеттин экономикасын же маданий багытын өзгөртүп жибербейт да. Мамлекеттик же коомдук кызыкчылык эмес да. Демек “Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы”- дегенге түшүнүгүбүз жетпей калса керек.

“Элдин жашоо жыргаалчылыгын көтөрүп экономиканы оңдош үчүн олуттуу кандай кадамдар жасалат? Канчага элибиз чет өлкөлөп тентип, жумуш издейт? Качан айлык маяналар көтөрүлүп, жумушчу орундар түзүлөт?”- деген сыяктуу мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгындагы суроолорду укпадым.

“Журналистика коомдун күзгүсү”- дейбиз. Эгер күзгүбүстүн “көрсөткөн деңгээли” ушул болсо, анда коомубуздагы абал өтө оор экен. Коомду ушак деңгээлиндеги маселелер гана кызыктырып, экономика, руханий маданият, мамлекеттик идеология, реформа дегенди түшүнүүгө дараметтерибиз жетпей калган экен. Жыйындан кийин,”Коомубуз кайда баратат?! Келечегибиз кайда?!”-деген коркунуч көкүрөктү тээп турат.

Маалымат жыйынынын бир гана артыкчылыгы президенттин аппараты журналисттерди оппозиция позиция деп бөлбөй келем дегендерди бүт чакырыптыр. “Кел”- деп коюп анан автобуска түшөрдө түртүп чыгарып, томсоруп көчөдө калганы болбоптур. Журналисттер базардагы катындар талкуулаган ушактардан бери президентке суроо кылып беришип кумардан чыгышты. Болгону ушул…”, – деп жазган Чолпонбек Абыкеев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: