Menu

Мусулмандардын укугу бузулганын айткан мурдагы имам Өзбекстандан чыгып кетти

Бөлүшүү:

Ташкенттин Юнусобод районундагы “Омина” мечитинин мурдагы имамы Фазлиддин Парпиев өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу ал 19-декабрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Имамдын айтымында, анын мындай кадамга баруусуна шаардык прокуратуранын социалдык түйүндөргө «саясий билдирүүлөрдү» жайгаштырууга тыюу салынгандыгы тууралуу эскертүүсү себеп болгон.

Быйыл 7-сентябрда Парпиев өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жасап, укук коргоо органдары жарандардын дин тутуу укугун бузуп жатканын айткан. Анда имам милиция кызматкерлерин сакалчан мусулмандар менен хижаб кийген аялдарга басым жасоого айыптаган. Анын ал имамдыктан кетирилген.

Туугандарынын айтымында, Фазлиддин Парпиев 17-декабрда Сауд Арабиясынан Ташкентке келген. Эки сааттан кийин анын үйүнө жергиликтүү милициянын терроризмге каршы күрөшүү болүмүнүн кызматкерлери келип, суракка алып кетишкен.

Ташкент шаардык прокуратурасында сурак берип чыккандан кийин Парпиев жубайы жана эки баласы менен Казакстан аркылуу өлкөдөн чыгып кеткен. Туугандары сурак маалында андан социалдык түйүндөрдө активдүүлүгүн токтотушун талап кылышканын айтышууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: