Menu

Бизнесмендер эки жыл текшерилбейт

Бөлүшүү:

Өкмөт 2019-жылдын 1-январынан тарта ишкерлик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизип жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселе боюнча жыйын куруп тийиштүү токтомго кол койду. Ал мораторий 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирип, 2021-жылдын 1-январына чейин иштемекчи.

Экономика министри Олег Панкратов маалыматтык технологиялардын ишке кириши менен мамлекет менен бизнестин ортосундагы байланыш механизмдери юридикалык жана техникалык жактан өзгөрүп жатканын айтты.

“Техникалык көзөмөлдүн алкагында товардын сапатына баа берүү жана аккредитация жолу менен эч кандай текшерүүсү жок эле продукциянын коопсуздугун камсыздаса болот. Тагыраагы, мамлекеттик орган товарлардын сапаты документте жазылган мүнөздөмөсүнө канчалык төп келерин билүү үчүн маал-маалы менен сатып алып салыштырып турат. Бул текшерүүгө жатпайт. Эгер товардын сапаты кагазда жазылгандарга төп келбей калса, аккредитация боюнча органдарга маалымат берилет. Алар продукцияга сертификат берген лабораториянын аккредитациясын алып таштайт”,-деди Панкратов.

Мораторий текшерүүгө алган 10 мамлекеттик органга тийиштүү:

• Социалдык фонд;

• Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;

• Мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги;

• Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

• Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция;

• Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;

• Финансы министрлигинин алдындагы баалуу металлдар боюнча департамент;

• Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти;

• Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти;

• Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирти бар продукцияны өндүрүү жана сатууну көзөмөлдөө башкармалыгы.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: