Menu

Өлүп кутулган “өгөй” балдар

Бөлүшүү:

3-декабрда Жети-Өгүздө таяк жеген наристе чарчап калды. Энеси миграцияда жүргөн бир жарым жаштагы ымыркайдын өлүмү үчүн анын таежеси камакка алынды. Андан бир күн мурун Нарында аялды жана анын неберелерин өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул балдардын ата-энеси да миграцияда жүргөн.

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда 1,5 жашар наристе таяк жеп ооруканага түшүп, чарчап калды. Райондук оорукананын башкы дарыгери Каныбек Жумадылов ымыркай оор абалда келгендиктен, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбогонун айтты: “- Келгенде эле реанимацияга жаткырдык. Дарыгерлердин баары консилиумга чогулуп, кантип жардам көрсөтөөрүбүздү сүйлөштүк. Баланын абалы аябай оор болчу. Эки саатка жетпей эле чарчап калды. Аны «Тез жардам» менен алып келген эжеси ымыркай кулап түшкөнүн айтты. Бирок анын денесинде көгала, ур-токмоктун издери бар болчу. Ал буга чейин деле таяк жегени көрүнүп турду. Аны көрүп эле дароо милиция чакырдык”.

Бул маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы ырастады. Мекеменин өкүлү Сталбек Усубакуновдун айтымында, наристенин апасы Орусияда иштегендиктен таежеси багып келген. Баштапкы маалыматтарга караганда, 40 жаштагы таежеси баланы шымын булгап койгону үчүн сабаган деп шек саналууда: “- Наристенин ата-энеси ажырашып кетип, апасы иштегени Орусияга кеткен экен. Аны баккан эжеси баланы чыбык менен чапканын, андан кийин баланы төшөккө жаткырып койгонун айтты. Бир-эки сааттан кийин караса баланын абалы оорлошуп кеткен”.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (“Бейбаштык”) менен кылмыш иши козголуп, медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша кылмыш ишинин беренеси өзгөрүшү ыктымал. Кылмышка шектүү катары наристенин таежеси кармалып, убактылуу тергөө жайына камалды.

Кыргызстанда жыл сайын жүзгө чукул өспүрүм өз жанын кыят, дагы ушунча кыз сексуалдык кордук көрөт.

Ал ортодо Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жогоруда сөз болгон окуя боюнча билдирүү таратты. Анда ымыркайдын энеси туугандарына баласын таштап кеткенин министрликтин өкүлдөрүнө кабарлабаганы айтылат. Ал эми камакка алынган аял аз камсыз болгон үй-бүлө катары катталып, төрт баласына 3500 сом өлчөмүндө жөлөкпул алып келген. Министрликтин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова мындай окуяларга ата-эненин жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болуп жатат деп эсептейт.

– Балдар тууралуу кодекстин 76-беренесинде ата-эненин жоопкерчилиги так белгиленген, – деди ал. – Ага ылайык баласын бага албаса же башка жакка кетип жатканда алар камкорчу же көзөмөлчү дайындап кетиш керек. Көпчүлүк үрөй учурган окуяларда ата-энеси сыртта миграцияда жүргөнү аныкталып жатат. Эгер эне-ата жеңесин же эжесин камкорчу катары мыйзам чегинде дайындап кетсе, ал адамдарда да жоопкерчилик болмок. Алар жөн эле «карап бер» деп таштап кетишет. Андар ары баланын жашоосу бүдөмүк. Баланын абалын же министрлик билбейт, же ата-энеси көзөмөлдөй албайт. Маселени чечиш үчүн ушул тапта өкмөттө жумушчу топ түзүлгөн. Министрлик балдарды кандай шартта таштап кеткендиги туурасында ата-энесинин колунда камкорчу туралуу кагазы болбосо аларды сыртка чыгарбоо жөнүндө сунуш киргизип жатат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мигранттардын балдарынын саны 29 миңдин тегерегинде. Бирок укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн 256 миң бала бар. Алардын ичинен 119 миң баланын ата-энесинин экөө тең эмгек миграциясына кеткен.

Бул кийинки күндөрү мигранттын балдары запкы көргөн жалгыз окуя эмес. 22-декабрда Нарында аялды жана анын неберелерин өлтүрүү боюнча шектүү адам кармалган. Тергөө маалында экспертиза дайындалып, 47 жаштагы аял жана анын төрт жаштагы небереси зордукталып, кылмыштын изин жашыруу максатында үй өрттөлгөнү маалым болду. Балдардын ата-энеси ички миграцияда болгону аныкталган. Гүлзина Бообекова коомчулуктан дал ушул өңдүү окуяларга кайдыгер карабай, дароо министрликке кайрылууну өтүндү: “- Бирдиктүү 111 телефону иштейт. Эгер сиз баланын укугу бузулуп жатканын же анын начар шартта жашап жатканын көрсөңүз, дароо чалыңыз. Чалуу акысыз. Бизде эмнегедир “менин балам эмес, башканын же кошунасынын баласы” деген ой калыптанып калган. Мыйзам боюнча зордук-зомбулук тууралуу ар бир жаран айтып, кабар берип турууга милдеттүү”.

Жакында эле БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы балдарга карата зомбулук туурасында билдирүү жасаган. Анда уюм эки жума мурда Чүй облусунда энеси миграцияга кетип, курбусу багып жүргөн наристенин өлүмүнөн сабак алууга жана балдарга зордук-зомбулукту чогуу токтотууга өлкө жарандарын чакырган.

Айгерим Акылбекова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: