Menu

Медер Исраилов, Социалдык фондунун төрагасы: “Пенсиялык топтомо каражаттарды башкаруу боюнча мыйзамдарды кайра карап чыгуу боюнча сунуштар даярдалууда”

Бөлүшүү:

—Медер Эсенгулович, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү тартиби туурасында айтып берсеңиз?

—Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын жаңы түрүн дайындоо пенсионердин арызынын жана пенсия дайындоо үчүн кайрадан берилген документтердин же пенсиялык иште болгон документтердин негизинде Социалдык фонддун регионалдык башкармалыктары тарабынан ишке ашырылат.Пенсиялык иште болгон документтер боюнча пенсияга мурда жүргүзүлгөн баардык кайра эсептөөлөр сакталат. Ал эми пенсионер тарабынан бажы жана эмгек акысы жөнүндө кошумча документтер берилгенде пенсия жаңы дайындоонун шарттарында эсептелет. Жана ошондой эле пенсиянын жаңы зүрү кайрылган айдан кийин айдын биринчи күнүнөн бштап дайындалат.

—Кыргызстандагы түзөтүү мекемелериндеги жазасын өтөп жаткандар кийин кандай пенсияга чыгышат?

—Мыйзамдарга ылайык, тергөө изоляторлорундагы жана түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан пенсионерлерге пенсиянын камсыздандыруучу жана топтолуучу бөлүктөрү төлөнөт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмегиндеги адамдарга соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып, жазасын өтөөдөн бошотууга чейин пенсия чектөөгө жана төлөөгө, ошондой эле ишеним кат боюнча пенсия төлөөгө тыюу салынат.

—Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин пенсиясы Социалдык фонд аркылуу төлөнөбү?

—Азыркы учурда аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылууну ар бир күч ведомстволору өз алдынча ишке ашырууда. Ошону менен бирге, пенсиялар аскер кызматчыларына – күч министрликтеринин пенсиялык органдары тарабынан чектелет, ал эми мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндөргө  Социалдык фондцун регионалдык башкармалыктары тарабынан чектелет. Социалдык фонд аскер кызматчыларына пенсия төлөө процессинде болгону Каржы министрлиги менен күч министрликтери жана ведомстволорунун ортосундагы транзиттик звено болуп эсептелет.

—Пенсия тууралуу келишим кайсыл өлкөлөрдө түзүлгөн жана алдыда кайсыл өлкөлөр менен түзүлөт?

—Эмгек мигранттарынын көпчүлүгү башка өлкөлөрдө белгилүү бир мезгилде иштеп, иштеген өлкөнүн пенсиялык курагына жетпестен, өз мекенине кайтып келишет. Келечекте мекенине кайтканда пенсия албай калуу тобокелдиги бар. Анткени башка өлкөлөрдө жүргөн кезинде алар тарабынан төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ошол өлкөнүн пенсиялык фонддорунда кала берет. Ушуга байланыштуу Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасы кошулгандан кийин, 2015-жылдын августунан баштап Социалдык фонд Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) алкагында ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу жана компетенттүү органдары менен биргеликте ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерде эмгектенген жарандарын пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүүдө. Учурда ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерде эмгектенген жарандарын пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоорунун негизги жоболору ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу жана компетенттүү органдары тарабынан макулдашылып айрым маселелер каралууда жана аталган келишимдин практикалык ишке ашыруу тартибинин долбоору боюнча иш жүргүзүлүүдө.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун (2018-жылдын 9-10-апрели Анкара ш.) Түркия Республикасына болгон расмий сапарынын алка-гында Кыргыз Республикаоынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимге жана аны ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашууга кол коюлган (КР Өкмөтүнүн 2018-ж. 5-апрелиндеги №125 буйругу). Эки республиканын жарандары үчүн пенсиялык укуктарды жана милдеттерди түзүүдө бирдей шарттарды түзүү Келишимдин жана Келишимди ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашуунун максаты болуп эсептелет (ратификациялоодо). Ошону менен бирге бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматы менен кызматташууда. Кореянын улуттук мыйзамдарына ылайык ал жакта эмгектенип жаткан жарандарыбыз Корея Республикасынын жарандарындай эле пенсиялык укуктарын түзө алышат. Эмгек ишмердиги бүткөндөн кийин Кореянын УПК бир жолку төлөмдөрү түрүндө пенсиялык топтоолорун ала алышат. Ал үчүн Социалдык фонд арыз ээлеринен документтерди кабыл алып, берилген документтердин толтурулушунун сапатын, толуктугун текшерет жана Корянын УПК документтердин жөнөтүлүшүн камсыз кылат. Учурда Италия Республикасынын пенсиялык камсыздоо тармагында иш алып барган мамлекеттик мекеме менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ортосундагы кызматташуу боюнча Келишимдин долбоорун министрликтер жана ведомствлор менен макулдашылып, КР Тышкы иштер министирлиги аркылуу Италия Республикасына жөнөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мындан ары дагы сыртта жүргөн кыргыз жарандарын мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу системасы менен камтуу деңгээлин жогорулатуу багытында иш-аракеттерин улантат.

—Кыргызстанда пенсия алуучулардын саны канча?

—2017-жылы пенсионерлердин саны 633,9 миң адам болсо, бүгүнкү күндө 648,0 миң адамга жетти, же өсүшү -14,1 миң адамды түздү.

—Кыргызстанда пенсионерлердин пенсиясын көтөрүү кандай система менен көтөрүлөт?

—Акыркы эки жылда пенсиялык камсыздоо жаатында пенсиялык системанын адилеттүүлүгүн жогорулатууга багытталган бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынды. Бул-пенсияга чыгуу мезгилине карата жарандардын жеке камсыздандыруу эсептериндеги камсыздандыруу төгүмдөрүнүн сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жоготпошу үчүн аларды инфляция деңгээлине жыл сайын индексациялоо. Бул – пенсияларды дайындоодо жана жогорулатууда колдонулган механизмдерди жана формулаларды толугу менен кайра карап чыгуу, бул мурдагы жылдары көп колдонулган теңештирүү механизмдерин толугу менен жокко чыгарууга мүмкүндүк берет. Аталган реформалардын натыйжасында ар бир адам келечекте өзү иштеп тапкан пенсиясын алат.

Тагыраак айтсак, пенсиялардын жыл сайын индексациясы эми орточо айлык эмгек акынын жана керектөө бааларынын индексинин өсүшүнө багытталган.

Ошону менен бирге камсыздандыруу принцибин жогорулатып, мамлекет пенсиялык системада аярлуу катмарлар үчүн социалдык коргоо механизмдерин дагы караган: 1-топтогу майыптар үчүн пенсиялар мындан ары пенсионердин жашоо минимумунан төмөн болбойт.

—Мамлекеттик ишканаларда иштеген пенсионерлердин пенсиясы кандай өлчөмдө төлөнөт?

—Кыргыз Республикасында пенсия менен камсыз кылуу социалдык камсыздандыруу принциптеринде негизделет. Пенсиянын өлчөмү Социалдык фондго  ар бир камсыздандырылган адамдын салымынан түздөн-түз көз каранды. Мамлекеттик ишканаларда иштеген пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча бирдей укукка ээ, ошондуктан алардын мамлекеттин бардык жарандары менен пенсия менен камсыз кылууга бирдей укугу бар. Учурда республика боюнча орточо пенсиянын өлчөмү 5 682 сомду түздү.

—Жаңы жетекчи катары пенсиялык саясатка өзгөртүү киргизесизби?

—Социалдык фонд тарабынан мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында пенсиялык реформанын кийинки этабы боюнча талдоо жүргүзүлүп жана пенсиялардын татыктуу деңгээлин камсыз кылуу, пенсиялык системанын теңелгени, пенсионердин жашоо минимумунун деңгээлинен төмөн пенсия алган пенсионерлердин санын кыскартуу, пенсиялык камсыздоого республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу, Социалдык фонддун каражаттарын жана пенсиялык топтомо каражаттарды башкаруунун комплекстүү автоматташтырылган системасын түзүү үчүн мыйзамдарды кайра карап чыгуу боюнча сунуштар даярдалууда. Айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду иштеп жаткан адамдарга татыктуу келечекти жана улгайганда бакубат карылыкты түзүү боюнча маанилүү жана жооптуу жумушту аткарып, мамлекеттин пенсиялык саясатын турмушка ашырууда.

Маектешкен: Мирбек Эсенгулов

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: