«Чыпалак баатыр» каймана аты менен белгилүү шоумен Зарылбек Аликенов Instagram социалдык тармагындагы баракчасына Бажы кызматынын кызматкерлеринен Кыргызстанга Кытайдын жарандарын киргизбөөнү суранган видеону жарыялаган.
Ал Кытайда этникалык кыргыздар мазактоолорго кабылып жатканына нааразычылыгын билдирген.
“Кытайлар баардыгын сатып алып жатышат – алтын, темир, жада калса кыргыз кыздарын дагы. Бажы кызматы, кытайлыктарды өткөрбөгүлө”, – деген Зарылбек Аликенов.
https://www.instagram.com/p/Brx2bBWA6CA/
Чүй облусунун ИИБнен маалымдагандай, аталган тасманы тараткандыгы үчүн Зарылбек Аликеновду милицияга чакырылып, профилактикалык аңгемемелешүүдөн өткөрүлгөн. Укук коргоо органдары улуттар аралык жаңжалдын чыгышына алып келген, жалган маалыатты тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп эскертүүдө.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ