Menu

Аида Касымалиева КР Жогорку Кеӊешинин вице-спикерлигине шайланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеӊеште КСДП парламенттик фракциясынын сунушу жана тармактык комитеттин чечими менен бош турган Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна көрсөтүлгөн Касымалиева Аида Камчыбековнанын талапкерлиги каралып, депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен колдоого ээ болду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Аида Касымалиеванын Төраганын орун басарлыгына шайланышы менен куттуктап, анын ишинде ири ийгиликтерди каалады. Жаӊы вице-спикер депутаттарга чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн өз ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Аида Касымалиева Жогорку Кеӊештин депутаттыгына КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген. Ал 1984-жылы Ош шаарында туулган. Жогорку билимдүү: 2005-жылы Бишкек гуманитардык университетин журналист адистиги боюнча кызыл диплом менен бүтүгөн. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт, эркин жазат.

Аида Касымалиева КСДП фракциясы тарабынан кайра чакыртылып алынган депутат Асел Кодуранованын ордуна шайланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: