Menu

Иса Өмүркулов талаада калабы?

Бөлүшүү:

Кызык, кээ бир саясатчылар өзүнө өзү көр казгандай абалга кептелет экен. Бул өзгөчө кыргыз саясатчыларына мүнөздүү көрүнүш. Мисалы, бир кездерде Атамбаевдин амири менен далай ийгиликтерге жетип, анан да чоң калибрдеги саясатчылардын катарына кирип, каада күтүп, бийликтин бийик төрүндө жакшы эле тайраңдап жүргөн Иса Өмүркуловдун бүгүнкү абалына бир чети бооруң ооруйт экен. Чыныгы партиялык классикада өз партиясынын лидерин сатып кетүү деген бир чети ошол бир партиянын Уставына да, жигиттик сапатка да туура келбеген жорук. Ошондой ишке Иса Өмүркулов барды. Аталган партиянын лидери бийликтен кеткенден кийин, убагында ал кишинин жүзүн тике карагандан айбыгып, бүжүрөп жүргөндөрдүн атайылап уюштурулган кутумдарынын жана да жалган ушак-айыңдардын курчоосунда калганда, ошондой кырдаалда кайра колдоо көрсөтмөк турсун өз жанын ала качып жаңы «кожоюндун» ырын ырдап кетти. Жөн эле «ырдабай» канчалаган кир интригалардын «автору» болду. Мындай аракеттери Өмүркуловдун өзүнө сезилдиби же жокпу билбейбиз, бирок анын ким экенин коомчулук сопсонун түшүндү. Аркы жээги да, берки жээги дагы. Айрыкча, түптүз эле бараткан жеринен партиялашы, парламентгин вице-спикери Асел Кодуранованын жөн эле күчкө салып вицеликтен кетирилгени, ал «заговор» Иса Өмүркулов тарабынан ишке ашырылганы эл-журтка оркойуп эле көрүнүп калды. Бирок, Өмүркулов ошончолук «жазасын» да алды, азыркы тапта көпчүлүк ага карата терс баасын берип, чыныгы «бет кабын» чече элек кезиндеги сайдын таштарындай болгон салмагы азыр консерванын калай челегиндей эле болуп калды окшойт? Айрыкча Кодуранованын «сиз эми байке дегенге татыксыз!» деген парламенттин борбордук трибунасында айтылган сөзүнөн кийин. Кечээ жакында эле Өмүркуловду бир топ адамдар аны спикер, ал тургай премьер-минисгр болот деп келгендер да тымтырс эле болуп калды. Адатта элге ачык жек көрүнүп, саясий салмагынан ажыраган мындайларды бийликтегилер ыплас оюндарга гана пайдаланышат да, кези келгенде ыргытып таштайт. Бул айныксыз, дүйнөлүк саяий практикада (далилденген теория).

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: