Өзбекстан өкмөтү менен Мубадала инвестиция холдинги (Бириккен араб эмираттары) жана анын Masdar аттуу компаниясы энергетика тармагындагы бир катар долбоорлорго кол коюшту. Бул тууралуу Өзбекстандын инвестиция жана сыртка соода министрлиги билдирди.
Келишимге ылайык, Masdar компаниясы Өзбекстандын Навои облусунда шамал-электростанциясын 600 млн долларга салат. 400 МВт кубаттуулугу бар станция 2022-жылы бүткөрүлүп, ишке берилет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ